www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Талибан" кыймылы Ооганстандын Балх провинциясынын губернатору набыт болгон кол салууга Тажикстандын жарандары болгон "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери катышканын айтууда. Бул тууралуу Ozodi билдирди.
"Талибан" тарабынан Балхтын губернатору болуп дайындалган Мохаммад Дауд Музамил 9-мартта кеңсесинде болгон жардыруудан набыт болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттары Балхтын коопсуздук департаментине шилтеме берип кабарлашкандай, кол салууда дагы эки жайкын тургун набыт болуп, 30дай киши жараат алган.
Ооганстандагы Талибан өкмөтүнүн чалгындоо башкы башкармалыгы Твиттердеги билдирүүсүндө операциянын жүрүшүндө ИМ-Хорасан (Ислам мамлекетинин жергиликтүү уячасы) жетекчилигине таандык үч согушкер жок кылынганын белгиледи.
"Талибандын" бул билдирүүсүн көз карандысыз булактар аркылуу текшерүүгө мүмкүн болгон жок.
ТАСС агенттиги талибдердин атайын кызматына шилтеме кылып, Фараб провинциясындагы атайын операциянын жүрүшүндө Балхтын губернаторуна кол салган кишилердин баары кармалганын жазды. "Талибандын" жооптуу адамдары бул топтун мүчөлөрү – тажик жарандары жакында Балхтын башчысына кол салуу үчүн Ооганстанга жөнөтүлгөнүн билдирүүдө.
Тажикстандын бийлиги "Талибандын" мындай билдирүүсүнө жооп кайтара элек. Буга чейин Душанбе Ооганстанда ИМ тобуна тиешеси бар деп кармалган тажикстандыктар тууралуу маалыматтарды бир нече жолу ырастаган. Алардын көбү Тажикстандын өзүндө да оор кылмыштарга шектелип издөөгө алынгандар болгон.
Булак: NazarNews.kg