www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак райондук соту карындашын зордуктаган 20 жаштагы жигитти 20 жылга эркинен ажыратты. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук соту журналисттерге тастыктады.

Сузак райондук соту 2020-жылдын 17-ноябрындагы чечими менен шектүүнү Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин 3-б. 1.2-п. (“Зордуктоо”) боюнча күнөлүү деп таап, алардын ар бири боюнча 10 жылдан эркинен ажыраткан. Жазалардын бардыгын кошкондо ал 20 эркинен ажыратылган. Бүгүнкү күнгө чейин биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу түшкөн жок.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын июль айында Сузак районунда 15 жаштагы кыз агасынан төрөгөнү маалым болгон. Кыз өзү кош бойлуу экендигин билген эмес. Туугандары аны “аппендицит болду окшойт” деп ооруканага алып келишип, кызды адистер текшергенден кийин гана кош бойлуу экендигин билишкен. 

Маалыматка ылайык, окуя былтыр күзүндө шектүү мас абалында үйүнө кайтып келип, карындашы менен жыныстык катнашка барган. Жигиттин айтымында, окуя болгон күндүн эртеси соолуккан учурунда кылган кылыгын түшүнүп, кыздан кечирим сураган. Айтымына караганда карындашы аны кечирип, андан кийин ал кыз менен жакын мамиледе болгон эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости