www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузакта бажы кызматкерлери наркы 1,1 млн сомдон ашуун контрабандалык тамекини кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Оперативдүү бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак айылында Д.Т. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 413 CDI” үлгүсүндө унаа токтотулган.
Унааны текшерүүдө 14 миң 500 таңгак санда Milano London соода маркасында фильтирлүү акциздик маркасыз тамекилер табылган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 1 млн 160 миң сомду түзөт.
Бул факт МБКнын Оперативдүү бажысынын МЭЖ АМСке катталган, материалдар Ош облусунун прокуратурасына берилген.
Булак: NazarNews.kg