www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун Казарман — Жалал-Абад тилкесинде кар көчкү алдында калды деген төрт адамды издөө иштерине 53 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Изделип жаткандар 24 жаштагы К.А., 44 жаштагы С.С., 43 жаштагы Х.Я. жана 35 жаштагы Л.Д. аттуу Кытайдын China Road ишканасынын жумушчулары", — деп айтылат маалыматта.
Издөө иштерин азыркы тапта өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эдилбек Кулматов көзөмөлгө алып, ӨКМден жалпы 53 киши тартылганы белгилүү болду. Жолдун 331-333-чакырымында кар көчкү тазаланып, издөө иштери уланары кошумчаланды.
Эске салсак, жолдо иштегендер 14-февралдан бери дайынсыз. Алар Балыкчы — Казарман жолунун 334-чакырымында Көк-Арт участогунда бир жүктөгүч, экскаватор, "Нива" менен тоннелден Казарманды карай жолду тазалап жаткан учурда көчкү жүргөн. Унаалардын ичинде айдоочулар гана болгону айтылган.