www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кайсы тармакка барбайын таламын талашып түшүнгөнгө барып жатам", - деди NazarNews маалымат агенттигине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

- Агай, дегеле кыргызда кеп маданиятын илгертен сактап келишкен. Биз жарым сөздөн түшүнүп. Акыркы учурларда ай тигинин духу вагон экен деген сөздөрдү кандай түшүнсөк болот?

- Кыргызда духту дем эле деп айткан. Ахлакты абийир деп эле айткан. Кыргыздын кыз-келиндери абийирдүү болушкан. Этегин шамалдан башка эч ким көтөргөн эмес. Ургаачыларыбыздын абийири тууралуу аябай көп сөздөр айтылат.

Ардуу жигит экен тайманбай жооп берип жатат. Ошондо бул сөздү ар намыска байлап сүйлөсө жакын келет да. Жигит-жалаң, кыз-кыркын, кемпир-кесек, бала-чака ушул сөздөрдү кыргыз эле сүйлөйт. Мисалга чапанды эле алалы.

Манаста дагы терминдер кетип жатат шалгайы кенен чапанды кийген экен деп. Шалгайы деген эки ийиндин ортосундагы аралыкты айтат. Бир этектен экинчи этекке чейинки аралыкты ай карасы дешет.

Муну бир да киши бүгүн айтпайт. Чапандын ыптасы булганып калыптыр кичинекей балага боркок байлап койбоптур дейт.

- Акыркы 30 жылдыкта кыргыз эли чын эле өз ордун таптыбы. Бир кезде мамлекеттик катчы кызматын жоюп салган эле, сиз айтып өткөн кыргыздын каада-салтына, кыргыздын улуу баалууктарына кантип кайтабыз? Же бири-бирибизге бут тосмой, мазактамай менен тагдырыбызды ташка байлап, өлкөнүн келечегин барымтага алып калбайбызбы, кандай кылышыбыз керек?

- Маселе туура. 2009-жылга чейин мамлекеттик катчы институту жоюлуп кеткен. Ага чейин болсо дагы мамлекет катчы кызматы маанилүү ролдо болгон эмес, болсо дагы мамлекет тарабынан каржыланбаган. Мамлекеттин район, облас, коомдук уюмдарда өкүлчүлүгү жок.

Союз доорундагыдай пландагы 5 жылдыкты аткарыш үчүн рай.ком, парт.ком жана башка бүт партиялык структура тузүлгөн. Абдан күчтүү идеологиялык иш жүргүзүлгөн. Биз коммунизм курабыз деген ураан менен иштер жүргүзүлгөн. Ошол учурда улуттук баалуулуктарыбыз унутта калган.

Бирок ошону элге жеткирип туруубуз керек эле. Ушул кызматты кийирген бирок ал кызмат эффективдүү иштей алган эмес, бир кишинин колунан эмне келет. Биз мүмкүн болушунча бүгүнкү күндүн каражаттарын техгнологиясын пайдаланып анан элге айтып жатам. Көп жерге барам дудукту ит талагандай болуп келем. Азыр белимди бекем бууй албай жатам. Комузчуларга барсам алар туурасында айтам.

Бардык тармакты бириктиртип сүйлөгөндө мен жаңылып кетип жатам. Анан сиздерге окшогон сайттарга, окумуштууларга тарыхчыларга барып кайрылып, алардан акыл сурап жатам. Мен келгенден бери 29 жолугушуу уюштурдум. Президент Садыр Нургожоевич айтты бизде илим менен билим өнүгүш керек чарбадагы илимпоздор бизден буюртма алышы керек. Акыркы күндөрү тигил же бул саясатчыны колдогон жаат-жаат тарам-тарам бөлүнгөн элде ынтымак жоктой сезилип жатат.

Мындай сезимдин болушу дагы орундуу. Бир чыйрагыраак адам болсо ошону социалдык тармакта ур-тепкиге алат. Эки күндө ал өчсө дагы улам жаңысы чыгат. Бул көрүнүштөн алар тарбиялап коет.

Биринчиден биздин тарыхыбыз терең. Эл журтка бере турган оокатыбыз белең. Аябай уңгулуу, уюткулуу элбиз. Биз эч качан жоголбойбуз. Биздин жаштарыбыз, окурмандарыбыз аябай ыймандуу болсо экен.

Жөн эле бир чака кирди куюп коюп анан сен жуунуп тазаланганча абийириң кетет катының да карабай калат. Жолдошторуң салам бербей калат. Кара ниеттүүлүктөн алыс болуш керек. Азыр 90 жаңылык чыкса ошонун 70 пайызы өлүптүр, талкаланыптыр, өрттөптүр,ммууздаптыр, учуп кетиптир айланайын башка өлкө окуса бизди кандай эл деп ойлойт. Биз бактылуу өлкөгө айланышыбыз керек.

Ошол социалдык тармакта жакшы жаңылыктарды көбөйтүү керек. Сиздин сайтка келип мен маек бердим. Азыр ар бир сөзүмдү өзүнчө бөлүп чыгып талпагымды ташка жайат. Пикирлерди кабыл алам, кастарлайм кимге жагып жакшы сөз айтса кубанып күчтөнүп калам. 

Ар бир кесиптеги бир топ эксперттерди чогултуп негизги базаны даярдап жатабыз. Кайсы тармакка барбайын таламын талашып түшүнгөнгө барып жатам. Оомалуу төкмөлүү болуп изденип жатканда кара ниеттүүлүктөн качып жакшы ниет болсо экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости