www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Донбасста согуш жүрүп жатат, кырдаал жөн эле татаал эмес, курч деп билдирди Донецк элдик республикасынын милиция өкүлү Эдуард Басурин. «Биз согушуп жатабыз... Абал жөн эле татаал эмес, чындап эле оор», - деди ал Соловьевдун түз эфиринде. Учурда өзүн-өзү жарыялаган Донецк жана Луганск элдик республикаларында абал курчуп баратат.
Украинанын чыгышындагы конфликт дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миңден ашуун адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
Деэскалация маселеси Беларустун борборунда байланыш тобунун жолугушуусунда талкууланат. Негиз катары Минск келишими алынган. Документте конституциялык реформа жасоо, ок атууну токтотуу жана чектеш аймактан аскердик оор техниканы кайтаруу каралган.
Бул арада Украинанын бийлиги Донецк менен Луганск элдик республикаларынын чек арасына армиясын топтоп ок чыгарып, тыюу салынган техниканы дагы колдонууда. АКШ менен НАТО Украинага курал-жарак жеткирип, аскер инструкторлорун алып келген. Москва болсо Донецк менен Луганск облустарын куралга толтурган.
Булак: NazarNews.kg