www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта өзгөчө мыкаачылык менен кайненесин бычактаган шектүү кылмыш изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-июль күнү саат 08:00 чамасында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун айылдарынын биринен адамдын өлүгү менен байланышкан кылмыш туурасында чакыруу келип түшкөн.

Чакыруу боюнча окуя болгон жерге РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана жетекчилиги толугу менен барган учурда короодо ошол үйдүн тургуну 1957-ж.т. О.О. (аял киши) киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган жана тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Аталган окуя боюнча топтолгон материалдар 01.07.2020-ж. Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин  130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чеийинки өндүрүш иши башталып, каза болгон аял кишинин жансыз денесине  карата, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

О.О.нун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинде 16 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган. Мындан  сырткары каза болгон  жарандын күйөөсү дагы 1954-ж.т. О.Д. денесинен жаракат алып  3 жолу (кесилген) бычак сайылып,  аймактык ооруканага жаткырылган. 

“Окуя болгон жерди кароо учурунда бычак, атайын көздөрү оюлуп-тилинген шапкадан жасалган маска жана башка тиешелүү буюмдар алынып, аларга карата соттук-биологиялык экспертиза дайындалган. Кылмыштын изин суутпай Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катарында маркумдун күйөө баласы Сузак районунун тургуну  2002-ж.т. Т. А. жашынып жаткан жеринен кармалып, тергөөгө өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала алынган маалыматка караганда бул шектүү жаран акыркы 2 айдан бери кызганычтын айынан жубайын тынбай уруп-сабап жаткандыктан ата-энесинин үйүнө келе берген. 29-июнь күнү күйөөсү аны алып кетемин деп келгенде апасы О.О. кетирбей койгон. Кетип жатып күйө баласы “болбосо өлтүрөмүн” деген сөзүн белгилеп, коркутуп кеткен. 1-июлга караган түнү саат 00:15 чамаларында атайын шапкадан маска жасап тагынып алып келген.  Азыр сүйлөшө албайбыз, күндүзү кел деп жооп кайтарышканда, ал колундагы бычагы менен жубайынын атасын, андан соң апасын  бир нече жолу сайып оор жаракат келтирген. Жубайын скотч менен колун, оозун байлап күч колдонуп үйүнө алып барып коюп, өзү бекинип жашынып алган.

Учурда аталган кылмыш боюнча шектүү жаран Сузак РИИБдин УКЖна киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости