www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2-октябрь күнү милиция тарабынан Сузак районунун тургундары, мурда КРнын КЖКнин 97-беренеси (адам өлтүрүү, эски редакция) менен соттолгон, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, 1977-ж.т. А.С. жана 1997-ж.т. Ү.Т. кармалган. Алар ошол эле Сузак районунун айылдарынын биринде орун алган ызы-чуу учурунда милиция кызматкерлерине күч колдонууга аракет кылышкан. Окуя болгон жерде болгон Ү.Т.нын жанынан калибри 9 мм травматикалык ок атуучу куралы 1 даана магазини жана 13 даана огу менен далил буюм катарында алынып, экспертиза дайындалган.
Аларга КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинде (Ээнбаштык) көрсөтүлгөн кылмышка шектүүлүгү боюнча кабарлама берилип, 2020-жылдын 2-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бүгүн шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан каралат.
Булак: NazarNews.kg