www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районунда жаш келин милицияга кайрылып, өзүнүн кайнатасына каршы чара көрүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу 24.kg'ге райондук прокуратурадан билдиришти.

Прокурордун жардамчысы Нурайым Катаганованын айтымында, арыз ушул жылдын май айында түшүп, маалымат реестрине катталган. Келин күйөөсүнүн атасы аны зордуктап, ур-токмокко алганын айткан.

Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү болуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Эксперттер аялдын сабалып, зордукталганын тастыкташты. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча иш козголгон.

Жабырлануучунун кайнатасына айып тагылган. Прокуратура - тергөө иштери аяктап, материалдар сотко өткөнүн тактады. Кылмышка шектүү адам, келиндин кайнатасы, камакка алынган жок. Ал эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен үйүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости