www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшадан Кыргызстанга адам өлтүрүүгө шектелген айыпталуучу экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Польшанын Юстиция министрлиги Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Н.К.Д. аттуу жаранды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырды. Ал 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүргөндүгү үчүн айыпталууда.
Белгилеп кетчү жагдай, эл аралык издөөнүн фигуранты 11 жылдан ашуун изин жашырып, жасалма паспортту колдонуп Украинанын жана Түркиянын аймагында качып жүргөн.
“2022-жылдын 10-сентябрында КР Башкы прокуратурасынын тапшырмасынын негизинде КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айыпталуучу Польшадан Кыргызстанга алынып келди. Издөөдө жүргөн адамды экстрадициялоо иш-чарасы 6 айдын ичинде жүзөгө ашырылды”, - деп белгилешти прокуратурадан.
Булак: NazarNews.kg