www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 12-сентябрда Британиянын Бишкектеги элчилигине барып, ханыша Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жапаров Кыргызстандын элинин жана өзүнүн атынан Улуу Британиянын падышасы Карл III (Чарльз), анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана британ элине чын ниеттен көңүл айтты”, - деп жазылат билдирүүдө.

Ханыша Елизавета IIнин каза болгонуна байланыштуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинде да аза күтүп жатышат. Каалоочулар атайын ачылган китепке ханышага коштошуу сөздөрүн арнап жазып, британ элине көңүл айтышты. Элчиликтин алдындагы мамлекеттик туулар түшүрүлдү.

Британ ханышасы Елизавета II акыркы сапарга узатуу зыйнаты дүйшөмбү күнү, 19-сентябрда болот. Тажыя Лондондогу Вестминстер чиркөөсүндө өтөрүн ишемби күнү Букингем сарайынан билдиришти.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости