www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда күйөөсүнөн кордук көргөн аял – 2-топтогу майып. Бул тууралуу Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү Абдикерим Мусаев билдирди.

Анын айтымында, күйөөсү тарабынан жасалган кыйноолор олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Жабырлануучу аял 2 жыл мурда жүрөгүнө операция жасаткан.

“Жубайлардын туугандары эки тарапка бөлүнүп алышкан. Аялдын туугандары кордогон эркектин жазага тартылышын каалашат, ал эми күйөөсүнүн туугандары анын жоопкерчиликтен кутулуп кетүүсүн көздөп жатышат” – деди Абдикерим Мусаев.

Буга кошумча, алардын 24 жаштагы жалгыз уулу өз кезегинде, атасынын туугандары тарабынан кысымга алынып, апасынын окуя жөнүндө кенен айтуусуна жол бербей жатат. 

"Адилет" уюмунун өкүлү Жапарованын айтымында, үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгон окуядан улам стресске кабылып, аябай тынчсызданууда.

Белгилей кетсек, Сузакта кордолгон 47 жаштагы аял күйөөсүн коё берүүнү суранып, тосмо арыз жазган.

Эске салсак, социалдык тармактарда эркек аялынын моюнуна дөңгөлөктөрдү байлап алып, башына чакалап муздак суу куюп, сабаган видеотасма тараган.

Аталган факты “Уруп-согуп кыйноо” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости