www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта коронавируска каршы түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Түшүндүрүү иштери Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медицина жана өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлүүдө.

"Сузактын борборунда орун алган жума базарында санитардык нормалардын сакталуусу көзөмөлгө алынууда. Ошондой эле "Бишкек-Ош" жолунун Сузак району аркылуу өткөн тилкесинде жайгашкан тамактануучу жайлар да текшерүүгө алынды. Коронавирус илдетинин алдын алууда жарандар ортосундагы аралыкты сактоо зарылдыгы эскертилүүдө", - деп билдирет облустук милиция.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости