www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы милиция бөлүмчөсүн милиция кызматкерлери өздөрү, ашар ыкмасы менен куруп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, ашарга райондук милиция башкармалыгынын өздүк курамы тартылган. Алар курулушту кышка чейин бүтүрүп салууну көздөп жатышат. Учурда имараттын дубалы тургузулду.

Айыл аймактын борбору Миң-Өрүк айылында түшүп жаткан имараттын аянты 402,75 чарчы метрди түзөт. Жалпы 18 бөлмөдөн турат. Мында иштеген милиция кызматкерлери 28 миң калкты тейлейт.

Милиция бөлүмчөсүн курууга жер участогун Барпы айыл округунун жетекчилиги бөлүп берген. Ал эми курулуш материалдарын сатып алууга жергиликтүү эл, ишкерлер жана милиция кызматкерлери өздөрү өткөргөн марафондон түшкөн акча жумшалууда. Марафондон жалпы канча акча түшкөнү жана имаратты курууга жалпы канча каражат кетээри айтылган жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости