www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта милициянын көчмө кабылдамасы 293 кайрылуу кабылалган.  Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Сузак районунун аймагында эл менен тартип сакчыларынын ортосундагы мамилени жакындатууга “милициянын көчмө кабылдама унаасы” көмөктөшүүдө. Бул унаа менен милиция кызматкерлери арыз-даттанууларды жергиликтүү калктан, айрыкча райондун борборунан алыс жайгашкан аймактарга барышып, жеринде жарандарды кабыл алып келүүдө. Ошондой эле район аймагында кылмыштуулуктун жана кырсыктардын алдын алууда кызматкерлер айыл аралап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

Сузак РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы үстүбүздөгү жылдын 8 айында жалпы - 293 атуулдан арыз жана ар кандай маселелердеги кайрылууларды кабыл алган. Алардын ичинен 66сы милицияга тиешелүү болгондуктан, бардык маселелер мыйзам чегинде чечилип, калган кайрылуулар тийиштүү мекемелерге жөнөтүлгөн.

Милициянын көчмө кабылдамасы Жалал-Абад облусунун аймагында бир топ жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келет жана милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө, айрыкча кылмыштуулуктун алдын алуудагы салымы өтө зор экендигин жергиликтүү кызматкерлер белгилеп келишет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости