www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта таксистке алты жолу бычак сайып, унаасын уурдап кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 24-июль күнү окуя тууралуу маалымат түшкөн.

Маалымат боюнча Сузак РИИБдин ыкчам Тергөө тобу Сузак райондук ооруканасына барган учурда, 1998-жылы туулган М. уулу Ж. аттуу жаран денесинен 6 жеринен кесилип сайылган жаракаттары менен келип түшкөндүгү аныкталган.

Бул факты 25-июлда Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагыныда шектүү катары Өзбекстандын 1985-жылы туулган А.У. жана 1992-жылы туулган С.З. аттуу жарандары Кызыл-Кыя шаарынан коңшу өлкөгө мыйзамсыз чек араны бузуп качып кирүүгө аракет жасап жаткан жеринен кармалышкан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө коңшу мамлекеттин 1992-жылы туулган С.З. аттуу тугуну мурда соттолуп, учурда издөөдө жүргөндүгү, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз чек араны бузуп киргендиги аныкталган.

Шектүүлөр 25-июль күнү Сузак райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.

Последние новости