www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта унаада бара жаткан адамга ок атууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-августтан 30-августка караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында «Деу-Нексия-2» үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы Н.С. аттуу жаранга «Хундай-Гетс» үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар келишип бир нече жолу ок атуучу курал менен ок атышкан.

Натыйжада Н.С. денесинен оор жараат алып Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Аталган факты 30-августта Сузак РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБинин, Сузак РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлдөрү жана ИИМдин АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери тарабынан кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган Б.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости