www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун соттук-медициналык экспертиза бюросунда кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР УКМК Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында, кызматтык милдеттерин аткарууда финансылык тартип бузуу фактылары бар Баткен облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Тергөө учурунда Кызыл-Кыя шаарындагы химиялык лаборатория 2020-жылдан бери иштебей турганын, бирок лаборатория кызматкери маал-маалы менен жумуш ордун кыдырып, өзүнүн кызматтык милдеттерин иш жүзүндө аткарбагандыгына карабастан, айлык маяна алып жаткандыгы аныкталды.

Белгилей кетсек, объективдүү жана ар тараптуу тергөөгө чейинки аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1 миллион 254 миң 200 сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

КР УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Баткен соттук-медициналык экспертиза бюросунун жооптуу кызматкерлерине карата зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, андан соң тиешелүү юридикалык баа берилмекчи. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости