www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Мелис Арыпбек кыргыз калкына кайрылуу жасады.
“Кадырлуу калайык калк. Калп айткан менен болобу, кандай гана бийлик келбесин, каарданып каргап, атүгүл, шылдыңдап, тагынан шыпырып айдап салабыз. Ак-карасын талдап, таразалабай туруп, такка көз артып талашкан алдым жуттум аферистерге азгырылып алданып, Ак үйдөн айдап салууну адатка айлантканбыз. А бир ак, андан карапайым калк утпай эле, тескерисинче утулуп, улутунуп, уулуп келет. Сөздүн ачыгы...
Сөздүн ачыгын айтсак, айдалган ажолор кимдер аркылуу бийликке келишет? Такка олтурары менен алкымдары араандай ачылып, ажыдаарга айланып, көздөрүн май басат. Эмне себептен ошондой болуп жатат?
Ушул жагын бираз болсо да, талдап тастыктап көрбөйлүкпү, калайык калк? Албетте, өзүбүзгө жараша. Демек пейилибизге жараша президентибиз шайланат, же болбосо, “очередной раз” алмашат. Отуз эки жылдын аралыгында биз аркылуу президенттер такка келишет. Анан каалагандай, элди эсинен чыгарып, сайран курушат. Тилекке каршы, бири дагы президент ак дилинен, чын пейилинен, намыстанып арданып, эзилген, а бир ак ээлирип эсиреген ээнбаш элинин келечегин ойлоп, кызмат кылышпады. Баардыгы сатылышты жана эл байлыгын, жер байлыгын сатышты. Туурабы?
Чындыгында, президенттер асмандан түшүшкөн жок да. Алар арабыздан чыгышты, өзүбүз азгырылып алданып тандадык, кааладык, шайладык. Же болбосо, төңкөрүш жасап, бийлик башына башкасын алып келдик. Же андай эмеспи? Демек, жыйынтык чыгаралык. Көрсө, кептин баардыгы өзүбүздө, ак-караны ылгабай калган кара көзүбүздө турбайбы. Туурабы???
Кечеки Оштогу ат майданда чыккан тополоңдогу окуя жалпыбызды ойлонууга, оңолууга түрткү берди. Экинчи кабатта элден оолак турган президент Садыр Жапаровдун өңү түсүн, жанынан түңүлгөн кейиштүү кейпин көрдүк. Аны көрүп, капа болдук.
Чектен чыккан ээнбаш ээрчиме, айдама жана азгырылма, алды артын эч ойлобогон, селдей каптаган жаштардын толкунуна күбө болдук. Эми ушул жерден, булар кайдан жайдан жаралып, кантип калыптанып, ашынган агрессиянын вирусуна чалдыгышкан? деген суроолор жаралат.
Орусча айтканда: Откуда объявилась такая стихийно массовая неуправляемая толпа, сокрущающая всё на своем пути? Причём чудовищно с омерзительным хищническим инстинктом шакалинного стада? – деген, көйгөй кести суроо, сезимди сыздатып, жүрөктү канатат экен. Эмесе...
Эмесе, жооп изденип көрөлүк. СССР доору ураган соң, аны түп тамырынан бери чанып, эгемендикке жетиштик! – деп ээлигип эдиреңдедик. Эми биз даана коммунизм жыргал келечегибизди өзүбүз курабыз! – деп эрденсиндик. Союз учурунан калган эбегейсиз байлыктардын баркын билбей, баардыгын ырайымсыздык менен талап, тоноп, талкалап ташып саттык. Экономиканын пайдуубалы болгон өндүрүштү өчүбүз бардан бетер ырайымсыз менен жок кылдык. Ири өндүрүш тармактарын прихватташтырган амалкөй мыкчыгерлер бекер байлыкка барышты. Эбегейсиз байлыктарды сактап калуу аракетинде, арам акчанын күчү менен бийликке умтулушту. Өздөрүнө ылайыкташтырып амалкөй мыйзамдарды чыгарышты. “Оллигарх” аталган жаңы кыргыздар айдама азгырылма элди шайлоо учурда сатып алышып, баардык бийлик бутактарын ээлеп алышты.
Эсин жоготкон ээрчиме эзилген эл, жээке сүрүлүп чыккан агындыларга окшоп, селдиреп, селейип айла таппай калышты. Айрымдары ачкадан. көпчүлүгү арактан, кур намыстан өлүп, жок болушту. Ошондой учурда, айалзат өмүрлөрүн тобокелге салышты. Өз эрктери менен оңбогондой оор түйшүктүү азап тозокту моюндарына алышты. Кытайдын чаар сумкелерин асынышып, кытайдын товарларын сатышып, дүйнө кесишти.
Атиң арман, а бир ак, үй бүлөөнүн коломтоосу өчүп калды. Ынтымак ыдырап, ырыс кут качты. Эркектер казанда, аялдар базарда, жартылуу тамак ичип жебеген, таалим тарбия көрбөгөн жаңы муундар өздөрү менен өздөрү калды. Окуу жайдагы мугалимдер мите курттарга айланышты. Бааларын кадимкидей баалашып сатышты. Акыры, контракт деген ырайымсыз бизнес кабыл алынып, мыйзамдалды. Аты бар заты жок самопал дипломду сатып алгандар, жумушсуз сандалып көчөдө калышты. Ошентип, тагдырлары талкаланган жаштар катмары жалгандыктан жабыркашты. Аргасыздан чет өлкөлөргө чыгып, мекенинен качышты. Азап тозокту тартып, далайлары абакта камакта калышты, айрымдары №200 груз болуп кайтышты.
Коммунистик бош калган идеологиянын ордун молдолор ээлеп алышты. Үмүттөрү үшүгөн, жан дүйнөлөрү жанчылган жаш муундар жакшылыкты динчилдерге ишенип, изденишти. Молдолордун азгырыгына - бейиште күтүп жаткан 72 үр кыздарга арбалышты. Тозоктун кыл көпүрөсү менен аллахтын сотунан коркушуп, чоң атасынан мурун сакал койушту. Акылсынып, төрдү талашып, улууларга акыл насаат үйрөтүштү. Жараткан Кудайдан дагы динди бийик коюшту. Ошентип алар динди кадимки бизнеске айлантышты. Оңой олтоң даваатчылык жолун тандашты. Алардын аалымдары кимдер болду? Көбү кечээки эле аракеч, анги айлакер. ашынган аферисттер болду. Болгону, аялдын шалбыраган көйнөгүн, дамбалын кийип, селдени оронуп, тесмени колдон түшүрбөй, ата-тегин чанышып, ар намысын сатышып, арабдын камчысын чабышты.
Дал ушул сакалчандар аркылуу эл - жерибизге не деген ыпыластыктар таралды? Бачабаздык, педофилдик деген жагымсыз жапайы жалаптык жаралып, жайылды. Керек болсо, өз кыздарын боозуткан аталар чыгышты. Чындыкпы, жумурай журт? Анткени...
Анткени, Кыргызстандын муфтийлери жаштардын баштарын айлантышып “эки бир туугандардын балдары бир бирине үйлөнсө болот!” – дешти. Чуулу Чубак шейх ажы төшөк майданынын профессору болду. Бул теманы абдан мазасын чыгарып, жаштардын шилекейин агызчу эле, элебесин дүүлүктүрүп. Дагы бир аңги муфтий жаш кыз менен мейманкананын бир бөлмөсүндө таң аттырганы интернетке тарады. Бачабаздыктын (ГЕЙ) үлгүсүн көрсөткөн молдолор Кочкордон кармалып, элдин каарынан качып, Казакстанга житишип жок болушту. Дал ушул динкулдар Сауд арабияга кичи хаджка барышып, ал жактан корона – ажывирусту сакалдарына жуктуруп келишип, өлкөбүздөгү далай эл журт кырылды. Атүгүл, Чувак таксыр элге кайрылып: “курандын бир аятын кайталап окуй берсең, эч кандай корона-моранавирус жолобойт!” – деп текеберленген Чубак, өзү дал ошол ажывирустан дүйнө салды. Натыйжада...
Натыйжада, бүгүнкү күндөгү караңгылыкка, түркөйлүккө, жапайчылык кыйратуу-ураатууга, селдей каптаган толкунуна күбө болдук. Жыйынтык чыгаруу оңой олтоң маселе эмес, калайык журт. Бул жалпыбызды бушайманга салган көйгөй кести. Азыркы президент Садыр Жапаровду бир беткей айыптап, каралоо да болбостур. Адилеттик иретинде, өзүнүн акыл парасат денгээлине, турмуштук тажрыйбасына, демек, тегерегиндегилерге жараша, далай иштерди баштап, нечендерин бүтүрүп жатат. Мурунку президенттерге караганда, кыска мөөнөттө бир топ ийгиликтерге жетишти. А бир ак, кемчиликтери дагы жок эмес. Ал жагын, мен дайыма айтып жазып келемин, кайталоонун кажети жок.
Конституция боюнча КР Советтик, унитардык, демократиялык, прогресске багыт алган суверендүү өлкө. Тилекке каршы, ал эми иш жүзүндө болсо, Садыр Жапаров ажылык дин тармагына көбүрөөк ооп жатканы өкүндүрөт. Баш мыйзамды одоно бузуп, бир беткей ислам халифатын курууга баардык далаалатын көргөнү, өксүтөт. Ал жагын калдайган калың калайык көрүп угуп, билип жатат. Жок дегенде...
Жок дегенде, Баш мыйзамды сыйлап, динди анын өкүлдөрүн мамлекеттин ич ара жана сырткы иштерине кийлигиштирбей, кескин түрдө четтетип койгонго Конституциянын гаранты катары, милдеттүү эле. Андай чечкиндүү кадамга эрки жетпей, ортодо чайналып жатат.
Ак үй көк үйлөрдөгү ички намазканалар аздык кылгансып, улуттук идеологиянын рупору болгон УТРКнын ичи дагы намазканага айланды. Себеби эмнеде? Жалмаңдап жагынган жалагычтардын айынан намазканасы жок бир дагы мамлекеттик ишканалар калбай калды, ооруканалардан баштап. Баарынан кейиштүү көрүнүш эмнеде?
Наристе кыздарды алтын балалыгынан ажыратып, оптом чүмбөттөлүп жатышкандары, не деген түркөйлүк? Болгондо да, бала бакчадан баштап. Алардын аттарынын баардыгы арабдардыкы. Туурабы? Сунуш...
Сунушум, бизде мамлекеттик катчы институту бар. Аны Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт. Кыргыздын таарыхын адабият, маданият тармагын абдан жакшы билет. Анын үстүнө чечен, тилинен чаң чыгат. Өткүрлүк жагы да бар, элди муйутуп, ынандырып койчу касиети жанып турат! А бир ак...
А бир ак, ал орусча айткандай “гол, как сокол”. Мамкатчылык аты гана бар, ал эми укуктары жок. Анткени, анын жанында, болгону, бир гана жардамчысы бар. Андыктан, ал улуттук идеологияны кантип калың калкка жеткирет? Канткенде жаңы заманбапка жараша элдин көйгөй кести ой пикирлерин ишке ашырат?
Менин сунушум, жалпы маданият, адабият, илим жана билим, массалык маалымат, таарых санжыра, манасчы, дастанчыларды, археологияны изилдөө, тармактарын бир министрликке бириктирүү учурдун талабы. Тил комиссиясы жана көптөгөн, бири-бирин кайталаган, митекурттарга айланган майда барат департаменттерди жоюш керек. Алардын функцияларын жаңы түзүлгөн министрликке өткөзүп берүү абзел. Жаңы түзүлгөн күчтүү министрликтин башында Мамлекеттик катчы туруп, көзөмөлдөсүн. Мамкатчыга кеп кеңештерин айтышчу элине жерине эмгектери сиңген, акыл парасаттары бийик адамдардан атайын “Акыл ордо” кеңеши түзүлсүн! Алар менен бирге улуттук концепсияны иштеп чыгуу маанилүү маселе турат. Андай “Акыл ордо” кеңешинин филиалдары ар бир аймактарда ачылып, жергиликтүү эл менен биридикте иш алып баруу. Дал ушундай жаңылануу аркылуу улуттук идеология тармагын калыптантып, байыркы уйуткулуу жана уйуткуттуу уңгубашатыбызга кайрылуубуз абзел!
А эгерде, азыркы бийликтегилер ушундай чечкиндүү иштерге тезинен барышса, анда акылман ардуу кыргыз эли үзүлгөн үмүтү менен соолуган ишеними жанданып, бийликтин аракеттерин колдоп, оңдоп кетет!
Ак үй, көк үй, аймактагы акимиаттардагы ортодон бири-бирине каттарды жөнөтүшүп убараланышкан, бирин-бири кайталап көзөмөлдөшкөн бөлүктөрдү жоюп салуу мезгилдин талабы. Миңдеп жан баккан жемкоорлордун орундары бошойт. Алардын айлыгына кеткен миллиардаган каражатка элге кызмат кылчу иш каналар ачылып, улутубуздун уузбашатын чагылдырган, ар намыска үндөгөн окуу куралдарын массалык түрдө чыгарып, чыныгы илим жан билим тармагын жаңылантып, жандандыруу стратегиялык абдан маанилүү маселе турат. Кандай дейсиңер калайык калк?! “,-деп журналист элге кайрылды.
Булак: NazarNews.kg