www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө блогер кармалды. Ал «Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таркатам» деп коркутуп, Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, 30-августта ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө блогер 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости