www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарга Сузак районуна караштуу курчоого алынган Благовещенко айылындагы блокпостто турган милиция кызматкерлери эч кандай коргонуучу кийимдер менен камсыздалбаганы тууралуу видео-тасма тарган. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелдеги онлайн брифингде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков төмөнкүчө билдирди.

«Ооба, видеону көрдүк. Телеканалдан блокпосттордо жумуш алып барылып жатканы боюнча толук, так маалымат кеткен. Социалдык тармактагы видеодо жеке чөнтөк телефонго тартылган сюжет кетүүдө. Байкаган адамга ал милиция кызматкелери катарга турар алдында тартылган. Туура эмес маалыматтарды коштоп сүйлөгөн. Бул боюнча кызматтык тескөө болуп жатат. Видеосюжет тарткан жана аны тараткандар аныкталды. Калптын казаны кайнабайт. Тарткан адамдын кандай максатта тартканы белгилүү. Атайын бирөөнүн буйрутмасы менен тартылган, чындыкка дал келбейт», - деди комендант.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости