www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузактагы карылар үйүндө зомбулук фактысы аныкталды

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы карылар жана майыптар үчүн жатак жайда тазалык нормалары сакталбай, анын тургундары кызматкерлер тарабынан зомбулукка учурап жатканын жарыялады.

Аталган борбор бул жайды көзөмөлгө алып, бир катар мыйзам бузууларды аныктаганын кабарлады.

«Мекемеде атайын изолятор уюштурулган, директордун айтымында, ага коронавируска шектелгендер, спирт ичимдигин ичкендер жайгаштырылат. Бирок, социалдык мекемеде мындай изолятор эмненин негизинде ачылганы тууралуу документтер жок. Атайын бөлмөдө адамдардын кармалышы – психологиялык зомбулук, басынтуу жана ырайымсыз мамиле болуп саналат», - деп билдирет Улуттук борбор.

Текшерүү учурунда ошондой эле мекемедеги дааратканалар санитардык нормаларга жооп бербестиги, көпчүлүгү иштен чыккандыгы аныкталган.

«Мекеменин имараттарынын биринде желдетүү системасы жок жана санитардык талаптар одоно түрдө бузулган. Бөлмөнүн ичинде адам чыдагыс жыт бар, бул дагы карыларга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата ырайымсыз, адамгерчиликсиз жана басынтуучу мамиленин бири болуп эсептелет, баса албаган тургундар үчүн шарттар каралган эмес», - деген бүтүм чыкты.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү облустук прокуратурадан бардык мыйзам бузууларды текшерип чыгып, мындай фактыларга жол берген кызмат адамдарына чара көрүүнү суранды.

Эске салсак, буга чейин Сузактагы жатак жайга аймактагы журналисттердин бири макала даярдаганы барып, директордун орой мамилеси тууралуу кабарлар маалымат каражаттарына чыккан. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор бул окуяга да бийлик өкүлдөрүн көңүл бурууга чакырды.

Сузактагы майыптыгы бар жана карылар үчүн интернат 110 орундуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости