www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батышчылдардын башкаруусу менен Клара Сооронкуловага окшогондор эркектерге баш ийбегиле деген ураандын алдында митингдерди өткөрүп келет.  «Эркектерге чай куйбайм» мыйзамдарын сунуштап келген Сооронкулованын «Реформа» партиясы «Ата-Мекен» партиясына «турмушка чыкты».

Алардын пикирлери боюнча «Ата Мекен-Эгемен» негизги оппозициялык коалиция болду. Тайырбек Сарпашев, Каныбек Иманалиев сыяктуулар 2007-жылдагы парламенттик шайлоого «Туран» партиясы менен аттанышкан. Бул партиянын атын англисче жазышып эми Жеңишбек Молдокматов чыкмакчы.

Анын камалып жатканына байланыштуу «TURAN» саясий партиясы саясий кеңештин чечими менен 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин шайлоосуна «Ата Мекен-Эгемен» коалициясына бирикти. Партия лидери Жеңиш Молдокматов жана Тилекмат Кудайбергенов саясий туткунда болгондуктан шайлоого катышпайт жана партиянын саясий кеңешинин чечиминин негизинде негизги оппозициялык чоң блокко айланды.

Буга чейин «Ата-Мекен», «Реформа» партиялары «Эгемен» демократиялык коалициясын түзүп, коомдук уюмдар жана саясий күчтөр менен катарын толуктаган. Бүгүн «TURAN» саясий партиясы бул коалицияга бирикти. Кыргызстанда шайлоого карата партиялардын биригүүсү башталды.

Кызыгы, Өмүрбек Текебаев, Батыштын шыпыргычы болуп, Кыргызстанда «мен эрге тийбейм», «чай куйбаймдардын» коргоочусу, кыргыз болгону менен Батыштын ырын ырдап, мыйзамын колдогон Клара Сооронкулова менен партиясын «баш коштурду».

Ошондо эки партия өз калоосу менен баш коштубу же Батыштын буйругу мененби? – деген суроо жаралат. Кыскасы, аз күндө «эркектер, эркектерге тийе бергиле» деген мыйзамдар жарыкка чыкпаса болду. Парламенттик шайлоонун шайтан оюндары башталды. Былтыр 120 мандаттуу орунга жетпей калышкан «Ата-Мекен», «Реформа» партиялары 54 мандатка жете алышар бекен?

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости