www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районунда уурулардын кол салуусунан улам каза тапкан үй ээсинин аялы менен кызынын абалдары жакшырып калды.

Сузак аймактык ооруканасынан алынган маалыматка караганда, 2017-жылдын 30-декбарында таңга жуук бир үй-бүлөдөн үч адам оор абалда ооруканага түшкөн. Үй ээси 1956-жылы туулган С.Т эс учун жоготкон оор абалда келип, жандандыруу бөлүмүнө кабыл алынган. Дарыгерлердин аракетине карабай, ал өзүнө келбей 3-январь күнү дүйнө салган. Анын баш сөөгү сынып, оор жараат алгандыктан аны куткарып калууга мүмкүн болгон эмес.

Ал эми үй ээсинин жубайы С.Х менен 2002-жылы туулган кызы С.М да оор абалда келишкен. Эне-кыздын мээлери чайкалган. 16 жаштагы С.М үч күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, андан соң энесинин жанына палатага которулган.

«Алар азыр травматология бөлүмүндө дарыланышууда. Абалдары орточо», - деп билдиришти ооруканадан.
Реклама

Буга чейин Сузак районунда бир үй-бүлөгө кылмышкерлер кол салып, үй ээси алган жараатынан улам каза болгондугу жана аялы жана кызы жараат алышкандыгы маалымдалган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 29-декабрдан 30-декабрга караган түнү Сузак районунун Күмүш-Азиз айылындагы үйлөрдүн бирине болгон. Анда белгисиз кылмышкер үйгө мыйзамсыз түрдө киришип, үйдүн тургундарын уруп, ден-соолугуна жарат келтиришип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул окуя боюнча Сузак РИИБге кабар келип түшкөн.

Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда кылмышкерлердин колунан үйдүн ээси - 1956-жылы туулган С.Т, 1964-жылы туулган жубайы С.Х., жана 2002-жылы туулган кызы С.М., жараат алышкандыгы аныкталган. Уурулар темирден жасалган мык суургуч жана күрөк менен алардын бети-башына, денелерине уруп, үйүнүн ичинен баалуу буюмдарды издешкен, бирок таба албагандыктан окуя болгон жерден качып кетишкен.

Кылмышкерлердин токмогуна кабылган үй-бүлө мүчөлөрү денелерине оор жарат алышып, Сузак аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Үй ээси алган жараатынан улам ооруканада 3-январда каза болгон.

«Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил буюм алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Аталган окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы жана Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ыкчам-иликтөө иши жүргүзүлдү. Издөө иштеринин натыйжасында 4-январда Сузак районунун Кайрагач айылынын 1995-жылы туулган тургуну Б.М., шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө, буга чейин жабырлануучу аялдын ортосунда аласа-береседен калган акча каражатынан улам чыр чыккандыгын айткан. Аны менен катар кылмышка шектүүнүн жакынкы аймактагы мурда катталган 4 уурулук фактыларына катыштыгы бардыгы далилденген.

Булак:"turmush.kg"

Последние новости