www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДПдан ЖК депутаты Муззафар Исаковго коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгону эсиңерде болсо керек. Ал Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөту болуп турганда карапайым элдин жерлерин мыйзамсыз таризде сатып жибергенин кантип жашырабыз?

Тилекке каршы, учурда Муззафар мырза эч кандай жоопкерчиликке тартылбай, депутаттык ишмердигин улантууда. Кызыгы, жакында эле Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар Сариевдин көздөй жакын адамдары, жергиликтүү кызматкерлер Камардин Абдукаримов менен Надирбек Абдурахманов жер аферасына байланыштуу камакка алынышты.

Аныгында, карапайым элдин үлүшкө берилген жерлерин ар кандай айла-амалдарга салышып, көз будамайлоо иштерин жасап келишкени эми ачыкталууда. Булардын артында район акими турары, анын «крышасы» өкмөтгүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев экендиги жалганбы?

Камалгандардын изин жакшылап текшерип көрүшсө, жиптин учугу «Бир Бол» фракциясынан ӨКМ жетекчилигине дайындалган Нурболот Мирзахметовго барары да айтылууда. Бул да убагында Сузакта аким болуп, ктвдн министрлик кызматка «пулдун таасири» менен секирип отурбайбы.

Логика болбосоң кое кал! Депутат Муззафар Исаковго мыйзамсыз жер сатууга байланыштуу кылмыш иши козголсо да тоготкон жок. Кылы кыйшайбады. Андан кийинкилери да өрнөк алышып, коррупцияны гүлдөтүп атышканы, бирок, катардагы кызматкерлер камалышып, а жогорку жактагы «дирижерлору» ийин куушурушуп, билмексенге салып отурушкандары эмнеси?

Элдин ырыскысын кемиришип, өз көмөчүнө күл тарткандар качан мыйзам алдында жооп беришет? Коррупцияга каршы күрөш жүрүп аткандай түр көрсөтүп коюшуп, анан көшөгө артынан жайлай беришсе, аягы жакшылык менен бүтпөйт да, туурабы?

Кыскасы, Кыянбек Сатыбалдиев облус башында турганда Жалал-Абаддагы жаңжалдар, кыңыр иштер токтобой калды көрүнөт...

Эрмек Абдыбеков

Булак: “Азия Ньюс”

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости