www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Свердлов райондук билим берүү борборунун мурдагы башкы эсепчиси подрядчылардан акча чыгарып алуу жана уурдоо боюнча коррупциялык схемага катышкан деген айып менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов райондук билим берүү борборунун кызмат адамдарына карата ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, мамлекетке 8 миллион 637 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. 2023-жылдын 2-сентябрында РББнун мурдагы башкы бухгалтери Н.М. бул ишке катыштыгы бар экенин билип калып, мамлекеттен чыгууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. мындан тышкары, тергөө органына биринчи чакыруу боюнча келүүдөн жана «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу республиканын аймагынан чыгып кетүүгө, башкача айтканда, тергөөдөн жашырынууга аракет кылган.

Жогоруда аталган Н.М. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда КР УКМК чек ара кызматы тарабынан кармалып, тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМКга өткөрүлүп берилип, жыйынтыгында КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости