www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмоктогу компьютердик клубда 17 жаштагы өспүрүм каза болду. Маалыматты Чүй ОИИБден тастыкташты.

2-сентябрь күнү саат 23:30да Токмок шаарында жайгашкан компьютердик клубда 2006-жылы туулган өспүрүм өзүнүн достору менен ойноп жатып, өзүн жаман сезип эс-учун жоготкон/ Аны достору Чүй районунун ооруканасына жеткирип, бирок жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган.

Аталган окуя Чүй РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Эмне себептен каза болгондугун тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда текшерүү иши жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости