www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтымчы, Света Тойгонбаева Кыргызстанда дагы эки оор абал күтүп тургандыгын NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--Кыргызстанда дагы чоң өзгөрүү болот. Кыш ооор келет. Адамдардын жашоосу кыйындайт, кризис каптайт. Кыргызстандан эч кандай каржы көрүнгөн жок. Бул бийлик иштеп кеткенге өтө татаал жол, караңгы болуп турат. Алар бийлик ынтымакта болуп аракет кылбаса өтө кыйын, оор сыноонун алдында турат, көп мамлекеттер бул бийликти кабыл албайт. Саясый кадамда чоң жаңылыштык кылып койду, президентти 2020-жылдан өтүп кетирсе жакшы болмок, шашып кетти. Мындан ары алар эскилердин жолуна түшүп, кармоо же камоо менен алек боло берсе кайрадан ызы-чуу башталат. Дагы, Кыргызстанды эки оор абал күтүп турат. Азыр шайлоо өткөрөбүз деп даярдык башталганы менен бул бийликте тактын учу көрүнгөн жок.

--Президенттикке кандай адам келет?

--Президенттике эч ким ойлонбогон жаш бала келет, ошол мамлекетти оңдойт.  

--Кыргызстанда толкундоо бүттүбү?

--Жок, албетте. Азыр толкундоо токтогон жок, дагы толкундоо дагы башталат.

--Азыркы келген бийликтен үмүт барбы?

--Жок, булар азыр 3 топко бөлүнүп кеткен. Садыри Жапаровго оор эмес, өтө оор. Мурдагы бийликтин башын жуткандардын баары анын жанына келип алды. Кыскасын айтканда бийликтен эч кандай жарык көрбөй турамын. Азыр кызматка келген адамдар көп каталарды кетирет. Элдин ишениминен чыгат да Атамбаевдин тагдыры буларды кайталайт. Ошондуктан булар сак болушу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости