www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын-ала билген Света Тойгонбаева менен байланышып, 2020-жыл тууралуу маек алдык.

--Бул жыл оңой-олтоң жыл болбойт. Кыргызстанга чоң өзгөрүүлөр болгон, күтүлбөгөн бурулуштар орун алган олуттуу жыл болот. Жамгыр көп жаап, суу ташкындары болот. Кымбатчылык, тартыштык болот. Акчабыздын куну түшүп, инфиляция уланып каражат тартыш болоорун көрсөтүп жатат. Ошондой эле ГЭСтерде суу көбөйүп же азайып кетиши мүмкүн деген аян келип  жатат.

Кайсы облуста эмне болоорун айтпайм бирок, эл кооптоно турган жагдай жаралышы ыктымал. Ошон үчүн дилибизди тазартып, пейлибизди оңдошубуз керек.

Кыргызстан түндүк-түштүк дебей биригиши керектигин билдирген аяндар келе баштады. Тагыраагы, оор сыноолорду түндүк-түштүк дебей бириккенде гана жеңе алаарыбыз жана көп маселеде элдин биримдигинин алдында  чечилерин айтып жатышат,-деди Света Тойгонбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости