www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда саясий кырдаал 2021-жылы жазында кескин өзгөрөөрү, алдыдагы шайлоо кандай өтөөрү тууралуу жана 18 талапкердин ичинен 5 гана (А.Мадумаров, К.Исаев, С.Жапаров, И.Ташов, А.Сегизбаев) талапкерге токтолуп, алар жөнүндө белгилүү орусиялык астролог Светлана Драган «Говори ТВнын» түз эфиринде айтып берген.
Астролог 18 талапкердин бешөөнө гана токтолгон. Мадумаровдон баштап, Сегизбаевден бүтүргөн. Драгандын айтымында, алдыдагы президенттик шайлоо эч кандай мааниге ээ болбойт. Кыргызстандагы саясий кырдаал 2021-жылдын жазында кескин өзгөрөт.
«Адахан Мадумаров ички ресуртары бай жана энергиясы өтө күчтүү адам. Психологиялык жактан ал баштаган нерсесинин же бир ишке киришсе ошону көпкө чейин алып жүргөн инсан. Бул инсан азыр кыл үстүндө турганын жакшы билет. Ошондуктан бир кадам солго же бир кадам оңго жасай албайт.
Ал адамдарды манипулация кылганды жакшы билет. Адамдарды башкара билүүдө алдына жан салбайт. Сыртынан карап аны сыйлагандар көп, бирок, анын чыныгы максаты, чыныгы жүзү такыр башка. Кайсы убакта сокку жасоо керектигин жакшы билет. Анын башкаруучу системасы купуя гана жүрүп, жеңиш үчүн катылган карталардын баарын ачат.
Эң негизгиси ал 21-декабрда өтө олуттуу бир макулдашууга кошулат. Ошондон кийин 16-январдан кийинки күндөрдө анын жашоосуна коркунуч келиши ыктымал. Февралдын башында ага өтө олуттуу тандоону жасоого туура келет», - дейт ал.
Светлана Драган деген ким?
Светлана Драган - дүйнөлүк аренада маанилүү окуяларды божомолдоодо көп жылдык тажрыйбасы бар белгилүү орусиялык ишкер, астролог. Анын божомолдору дайыма туура чыгат. Алсак, 10 жыл мурун ал учурдагы каржылык кризисти жана дүйнөлүк дүйнөлүк толкундоолорду: мунай заттын баасынын төмөндөшүн, бир катар табигый жана техногендик кырсыктарды, Украинанын трагедиясын, чыңалуунун векторунун Жакынкы Чыгышка өтүшүн жана Россиянын эл аралык таасирдин жаңы деңгээлине чыгышын алдын ала айткан. Алыс кетпей, өзүбүздүн өлкөдөгү 2020-жылдагы октябрь окуясын эле айтсак, ал октябрда Кыргызстанда башаламандык орун алып, бийлик алмашаарын айткан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg