www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттары Сириянын жаратылыш байлыктарын талап-тоноп жатат. Жер астындагы мунай соодасына жигердүү катышып, айына үч миллион баррелге (1 баррель - эки жүз литр) чейин мунай өндүрүп жатканын Орусиянын тышкы чалгын кызматы (SVR) билдирди.
"Америкалык компаниялар тарабынан Сириянын жаратылыш байлыктары талап-тоноолуп жатат. Вашингтон дагы эле Сириянын түндүк-чыгышындагы оккупацияланган аймактарда өндүрүлгөн мунайдын мыйзамсыз соодасына активдүү катышууда. Хасака провинцияларындагы кендерден ай сайын үч миллион баррелге чейин мунай алынат. Уурдалган мунайдын үчтөн бири бөлүгү америкалыктардын ортомчулугу менен Ирактын Күрт автономиясына бир баррели 35-40 доллардан сатылып жатат”, - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары: "Ирактын Күрдистанына мунай жүк ташуучу унаалар менен жеткирилет жана аларды АКШнын аскер кызматкерлери кайтарып турат. Америкалык аскер контингенти жана жеке аскердик компаниялардын кызматкерлери тоо-кен жана кайра иштетүү инфраструктурасынын коопсуздук системасын уюштуруп жатышат", - деп кошумчалады Орусиянын Тышкы чалгын кызматы.
Булак: NazarNews.kg