www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден Германиянын канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшкөндөн кийин өткөргөн пресс-конференцияда Украинага кайсы өлкө – Орусия же Германия – «чабуул кылаарын» чаташтырып жиберди.
«Биринчи суроого жооп берейин, эгер Германия... Эгер Орусия басып алса, башкача айтканда, танктар жана аскерлер Украинанын чек арасын кайра кесип өтсө, анда «Түндүк Агым 2» болбойт, биз ага чекит коёбуз», - деди америкалык лидер.
Эске салсак, бул Америка лидеринин биринчи эле жаңылыштык сөзү эмес. Байден буга чейин бир нече жолу мамлекеттердин жана өлкө башчыларынын аты-жөнүн алмаштырып айтып алган учурга кабылган. Бир ирет ал Ливия менен Сирияны алмаштырып алса, дагы биринде Ирак менен Иранды айырбаштаган. Үчүнчү жолу ал Дональд Трамп менен Барак Обаманын аты-жөнүн чаташтырып алган болчу.
Акыркы айларда Орусия менен Батыштын мамилеси улам катаалдашып бара жатат. Батыш өлкөлөрү Москваны Украинага «кол салууга» даярданып жатат деп күнөөлөп, Чыгыш Европада аскерин да, курал-жарагын да көбөйтүп, санкциялар күчөтүлөрүн айтып коркутууда. Орусия бардык айыптоолорду четке кагып, Киев Минск макулдашуусун аткарбай, чек ара линиясына өздүк курамдын жарымын алып келип, тыюу салынган куралдан ок чыгарып жатканын эске салып келет.
Москва «агрессия тууралуу» маалыматтардын максаты Орусиянын чек араларында чет элдик группировкаларды күчтөнтүү экенин бир нече ирет айткан. Кремль дагы, ТИМ дагы Украинадагы эскалациянын негизги себеби — аймакка аскердик инструкторлорун, курал-жарак, техника жөнөткөн, машыгууларды көбөйткөн АКШ менен НАТОнун аракети экенин белгилеген. Мындай кадамдары менен алар Киевди аскерий авантюраларга түртүп жатышканы далай ирет айтылган.
Былтыркы жылдын соңунда Москва Брюссель менен Вашингтонго коопсуздук кепилдиги тууралуу документтердин долбоорун жөнөткөн. Кремль блоктун постсоветтик өлкөлөр менен аскерий кызматташуусун токтотууну, алардын аймагында база жайгаштырбоону, РФ чек арасына жакын жерде сокку уруучу каражаттарды орнотуу аракеттерин чектөөнү, Европадан америкалык өзөктүк куралды чыгарууну жана НАТОну чыгышты карай кеңейтпөөнү талап кылып келет. 27-январь күнү Орусия кат түрүндө жооп алды. ТИМ батыштык өнөктөштөр Орусия үчүн орчундуу мааниге ээ болгон альянсты кеңейтпөө жөнүндөгү талап көз жаздымда калганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg