www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев УКМКга байланыштуу бир катар иштерди иликтөө үчүн парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, комиссия УКМКнын буга чейинки ишмердүүлүгүн карап чыгып, окуяларга укуктук баа бериши керек.

Депутат 2022-жылы Камчыбек Ташиевдин парламент жыйынына эки ящик автомат алып келген учурду эске салып, бул маселеге да укуктук баа берүү зарылдыгын белгиледи.

Эске салсак, 2022-жылдын 28-сентябрында депутат Адахан Мадумаров Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында күч түзүмдөрүндө курал жетиштүү экенин көрсөтүү үчүн парламентке автоматтарды алып келгенин билдирген. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Ташиев жаңылыштык кетиргенин, бирок ошол учурда согуштук аймактан жаңы келгендиктен анын абалын түшүнүү керектигин айткан.

Последние новости