www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" иши боюнча белгиленген соттук отуруму айыпталуучу Эмилбек Узакбаевдин келбегенине байланыштуу кийинкиге жылды.
Сот отурумга Азирет Медеров төрагалык кылды. Ал сот залына адамдын көптүгүнөн кире албаганына нааразычылыгын билдирди.
Бир нече жактоочулар сотту кайрадан жабык өткөрүүнү сунушташты.
"Журналисттер айыпталуучуларга өтө жакын келип жатышат. Сот иши 15 мүнөт мурун башталган, ал эми сот отуруму журналисттер менен болгон талаш-тартыштардан улам дагы деле баштала элек", - деп нааразы болду жактоочулардын бири.
Өз кезегинде судья Медеров ар бир журналисттен сот отурумунан кийин өз кеңсесине келип, соттук процессти мындан ары кантип улантуу керектигин талкуулоону суранды.
Кийинки соттук отурум 22-июнга белгиленди.