www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сыйлык алам” деген жазуучулар эшик жырта баштаганда

Өлкөбүздө “эл жазуучу”, “эл акын” деген наамдардын баркы кетип, бул наамдарды бульвардык чыгармаларды жазган калемгерлер да алышты. Албаган Айгүл Шарше менен Бердикожо Бийназаров эле калды. Биротоло ышпалдасы чыгып бүтө электе бул наамды жоюп жиберсе деле болчудай.

Ошондо залкар жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматовдор ардак менен алып жүргөн бул наамдын анча-мынча кадыр-баркы сакталып калат беле? Өкмөт болсо “Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын баркын көтөрөбүз” деп сыйлык фондун бир миллион сом кылыптыр.

Муну уккан акын-жазуучулур туз сураган койдой жулунуп, документтерин тапшырыш үчүн Жазуучулар союзунун эшигин жыртып, “сыйлык алам” деп ээленгендердин саны отуздан ашыптыр. Президиум мүчөлөрүнүн баркы көтөрүлүп, аларды чайга чакыргандар көбөйүп, “бармак басты, көз кысты” кылып, “жең ичинен бүтүрөм” деп чуркап жүргөндөр да бар экен.

Булак: Азия News гезити

Последние новости