www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү ырчы жана обончу Сыймык Бейшекеев учурда Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө жүргөнүнө аябай таасирленип, мындай пикирин Фейсбук баракчасына жазды:

“Айтылуу Алайкуу өрөөнү, кечээтен бери, табийгаттын кооздугу менен элинин кең пейилдиги жуурулушкан дүйнөдө жашап, байлык менен бийликтин, саясат менен манчыркоонун жыты жок өрөөндө көңүл кушум көкөлөп учуп жүрөт. Буулуккан, ызага толуп чаңдаган жан дүйнөмдү нукура Кыргыздын керемет сөздөрү, жыты аңкып буркураган кымызы, шар аккан суусу, таза абасы, уйкудан жаңы ойгонгон теребел, чөптүн жыты баары баары айкалышып дарылап атат. Алайкууну көрбөй КЫРГЫЗМЫН деп жүргөн экемин да, салтыңдан, пейилиңден кагылайын улуу тоолуктарым, менин көзүмдү ачтыңар, Алайкуунун жерин, элин кошуп сүйүп калдым”,-дейт ырчы Сыймык Бейшекеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости