www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Бала кезде мектептен Жаңы жылдык балаты өткөндөн кийин эле бүттү деп ойлочу экенбиз. 31-декабрь күндөрү саат 12ни күтпөй эле уктап калып канчалаган Жаңы жылдар тосулбай калды. Студент болуп шаарга келгенден кийин гана 12ге чейин уктабай Жаңы жылды тосуш керек деген түшүнүк пайда болду.

Ошол студент кездердин бир жылында ортодон тыйын чыгарып, азык-түлүктү жыйып алып бир баланын үйүнө бир топ балдар-кыздар Жаңы жылды тоскону бардык. Барсак үйүнүн ачкычы коюп кеткен жеринде жок, тууганы келип алып кетип калыптыр. Баарыбыз ачкычты алып келишин күтүп эшикте олтурабыз. Түн бир маалда, саат ондорго жакын ачкычты алып кеткен тууганы келип калды.

Бирок өзү да кетпей үйгө олтуруп алгандыктан, биз ойлогондой шаан-шөкөт кыла албай, чала-бучук чай ичип эле чыгып кеттик. Бир курсташыбыз сабактан сырткары өрт өчүрүүчү кызматта иштечү, андан чыгып ошонун жумушуна бардык. Ал бизди картошка кууруп берип коноктоду. Кетели десек автобус токтоп калган, жата турган деле орун жок экен, олтуруп эптеп таң атырганбыз.

Ошол жылы Жаңы жылыбыз тосулбай калганы азыркыга чейин эсимден кетпейт.

Булак: "lady.kg"

Последние новости