www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 -Саламатсызбы Сыймык!Ден-соолугуңуз,чыгармачылык иштериңиз жакшыбы?   

 -Жакшы рахмат,Кудайга шүгүр!

 -Кызыккан адамдар үчүн кызыктуутуу маек куруп берсеңиз деген максатта Сизге бир аз суроолор менен кайрылалы дедик эле...   

 -Албетте,оор суроолор болбосо жооп бергенге аракет кылайын.(күлүп)

 -Биринчи жолу комузду колуңа алган күн эсиңиздеби? 

 -Биринчи жолу колума комузду 6 класста кармадым, мектепте комуз ийрими ачылып, Мухтар Аметжанов деген агайым үйрөттү, Токтогулдун "Кербезин" чертип чыккам.

 -Кайсы ырды биринчи жолу ырдап чыктыңыз эле? 

 -Эл алдына комуз менен 7-8 класста окуп жүргөндө ырдап чыктым, кароо конкурстарда Боогачынын “Үкөйүн” ырдап чыгып баш байгени алгам.

-Мектепте окуп жүргөндө көп эле тентектик кылсаңыз керек...

-Азыр ойлоп көрсөм ашынган деле тентек эмес экенбиз, бирок көп учурда тентектике сценарийди мен жазып берчү экемин балдарга, көп тентектик, улуудан ийменүү менен ыйбаалыка жуурулушуп тымызын жасалды (күлүп).

 -Ырчы - обончу болушуңузга сүйүү себеп болду деп ойлойсузбу? 

 -Болушу мүмкүн, бирок ырды өнөрдү сүйбөсөң максатка жетиш кыйын, атактуу болгондон кийин дагы, ал атакты кармап туруу, аны багып кастарлоо дагы чон түйшүк. 

 -Азыркы ырдап аткан жаш ырчыларга, чыгарып аткан ырларына болгон көз карашыңыз? Ырларын эл кабыл алып укканга эмнелер жетишпейт?

 -Ар бир учурдун өзүнүн ыры болот, эл башында соңуркап угат, эгер жеңил-желпи ыргактар болсо унутулуп көңүл сыртында калып кете берет, угарман дайым жакшы сөзгө жуурулушкан чыгармага ыктайт, эгер ырчыдан андай изденүүчүлүк таппаса анда кулак көнгөн эски кайрыктарга, элдик обондорго кайрылып кетет.   

 -Уулуңуз Кадырлуу азыр Сиз менен эл алдына чыгып Сиз менен кошо ырдап жүрөт.Келечекте анын ордун кайдан көрөсүз?

 -Кадырлуум азыр жаңы чыгармачылык ордонун босогосуна эгилген көчөт чырпык, баралына келгенде улуу өнөрдүн баркына жете алса чынар болуп, коп өнөр сүйүүчүлөрдү чынардын көлөкөсүңдө эс алдыраар, аман болсун, көзү ачыктык кылбайын, бирок балама дайым айтып келем, жакшы ырчы болуш учун, жакшы адам болушун керек деп.

 -Жубайыңыз Нурзада менен кантип таанышып калдыңыз эле? Кайындарыңызга кандай күйөө баласыз?

 -Нурзада экөөбүз 1995-жылы 4-февралда тааныштык, мен дагы айылга кышкы каникулга барып, ал дагы каникулга келиптир сүрөтүнөн көрүп, сезим ойгонуп, эртеси коңшу айылга барып, таанышып, анан издегеним ушул экенине бир көрүп көзүм жеткенде сунушумду Жеңижоктун  “Көк Сулуусу” менен билдирип, жүрөгүн багынттым.Кайындарыма Кудайга шүгүр,сыйлуу элемин,кыргыздын күйөө жөнөкөй балдарындай эле кызматымды кылып жүрөм.  

 -Кыргызстанда гана  эмес жакынкы чет өлкөлөрдө да досторуңуз өтө көп. Алар менен мамилеңиз да жакшы... Жок дегенде бир адам Сизге катуу сын айтып же таарынып калган күндөрүңүз болду беле?      

-Тирүүчүлүк болгондон кийин албетте болот, бирок атайлап кара санап бирөөнүн көңүлүн бузуп таарынткан учурум жокко эсе, жолдошчулук мамилени бузбаганга аракет кылгандардын катарындамын, жакшы дос эч качан сен жөнүндө жаман айтпайт, көңүл калтырбайт, Кудайга шүгүр, досторго баймын, кээлери 30 жылга жакындап калды, таарынган сатып кеткен, мен жөнүндө жаман ушак сөз сүлөгөндөр алар чыныгы дос эмес, кандайдыр бир жагдайда мен керек болуп калганда таанышып калган тааныштар болсо керек деп ойлойм. 

-Атанын уулумун деп дайыма айтып жүрөсүз... Атанын ыраазычылыгын алып, апанын ак сүтүн актадым деп ойлойсузбу? Жашооңдо аларга кылган эң чоң белегиңиз?  

-Сыймыктанам мыкты АТА-ЭНЕДЕН тарбия алганыма, АТАМДЫН мээнетин, АПАМДЫН ак сүтүн актадым деп айта албайм, аларга татыктуу уул болгонго дайыма тырышам, жаман сөз угузбаганга аракет кылам дайым, аларга кылган белегим өзүмдү АТА-ЭНЕМ үчүн да аяганым деп билем, себеби аларды абдан аяп, сүйүп, сагынып турам, кичинекей иш жасасам да кеңешип батасын алам, өмүрлөрүн, ден-соолугун тилейм, себеп эн мыкты АТА-ЭНЕ, мыкты адамдарга жаман сөз тийгизбеген мыкты уул болгонго дайым тырышам.

-Артистердин көбү бир пайда көрүп, акча кылайын деп эл чогултуп концерт койот. Сиз тескерисинче эл арасында  машина сайып лотерея ойнотосуз,канча адамды машинелүү кылдыңыз... Ал кеткен чыгымды көтөрчү спонсоруңуз барбы же өз каражатыңыздан кетиресизби? 

-Мен деле ырдап тапкан каражат аркылуу үй-бүлөмдү каржылайм, нан таап жейм, бирок ошону туура бөлүштүрсө,ошол чыгымдарды жаап, анан киреше да берекелүү болоорун билем, берип кедей болгон, алып бай болуп бул дүйнөгө устун болуп калган эч кимди угуп-көргөн жокмун, кээде актабай да калган учурлар болот, бирок Кудай дайым таразалап башка жактан ырыскысын ашыгы менен бөлүп турат, андыктан жасаган нерсени милдет кылбай Кудайдын алдында, өзүмдүн абийримдин алдында таза кылып өткөрүп келатам. Спонсор-демөөрчүбүз аябай көп, алар жер-жерлердеги концертке келген күйормандар, алардын колдоосу жок мен эч ким эмесмин.       

-Улуу уулуңуз Азаматты качан үйлөнтөйүн деп жатасыз?                   

- Азамат азыр буйруса 21 жашта,мен 21 жашымда үйлөнгөм, менин оюма койсо былтыр деле үйлөнтүп коймокмун, бирок өзүнүн алдыга койгон азыноолак иш-пландары болуп атат, буйруса 2-3 жылдын аралыгында кайната статусуна ээ болом деп ойлоп жүрөм, алыста жүрөт, аманчылыгын ден соолугун Кудайдан сурайбыз апасы экөөбүз, Кудай буйруган күнү ырыскы эшигибизде эгилип, түндүгүбүздөн төгүлөөрүнө ишеним артып келебиз, аманчылык болсун!!!

Чоң рахмат Сыймык,ойлогон ой-тилектериңиз ишке ашсын!Чыгармачылыгыңыз бийиктей берсин!Үй-бүлөңүзгө бакыт каалайбыз!Дайыма эл сыймыгы болуп жүрө бериңиз!           

-Сиздерге да ыраазычылык, сиздердин жалпы жамаатыңарга да чоң ийгиликтерди каалайм! Сиздер да дайыма алдыда болуңуздар!

Булак: "5news.kg"

Последние новости