www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эпчилдикти жаштайынан үйрөнгөн адам элүүгө чыкканда деле ошол адатынан артка чегине албасын турмуштан далай көргөнбүз. Кезинде жездесине(Аскар Акаевге) жагалданып, апчесинин колдоосу менен эрезеге жетип байыган бир сымаптай куйулган мырза жашайт арабызда. И-ии так ошол Равшан Жээнбеков дегендин көптөн бери жамакайынан жалаң “керемет” сөздөр жайылып түшүп кончко кирген убагы. Анын дүбүртүнүн добушу аксаган аттыкындай болуп калганын жакшылап аңдаган киши дароо туят. Ал эми сезимталдыгы пастар болсо Ракеңин кебин укканда магдырап үргүлөп кетээри айдан ачык.
Илгери Украинада “Майдан” кызуу башталганда Равшан бир батыштын нанын жеген журналист (азыр чамасы парламентте отурат окшойт анысы) менен желдей болуп жетип барган. Ал жактан келген соң биз митингге чыгууну украиналыктардан үйрөнсөк болчудай деп аябай суктанган. Эми ошол өлкө кандай тагдырга дуушар болду? Кудай анын бетин ары кылсын! Итке минип калдык кокуй деген маанидеги баяндарын чарчабай кайталаган экс-депутат каерге чакырышса да ошол мандеминен жазбайт. Анткени “жаман илдетке” чалдыккан киши эч убакта жакшыны көрүүгө чама-чаркы бап келбеси белгилүү. Ортого шынаа кагуу боюнча эбак эле рекордсмен болгону анык. Ошондуктан “хоппозициячыл” маалыматтык каражаттар аны төрүнө отургузуп алып насааттык кептерине кулагын төшөп кумарга батат. Мурунку бийликти деле, азыркысын деле сындап жаткан ушул адамдын оозунан акылдуу кеңешти эшиткендер бар болсо өзгөчө жаңылык катары бааланмак. Тилекке каршы ал мурунку ажо менен азыркысынын достук мамилесине доо келтирүү “акциясын” баштады. Айтор, муздай элек “идеяларын” коомчулукка таратууга жанталбас кылган Жээнбековдун дагы далай шоуларын көрөт окшойбуз...
Булак: Ачык сөз