www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев “Батукаев ишинде” чын эле сүттөн акпы?

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мыйзамсыз, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча кылмыш ишинин “ана башчысы” болуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган (бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган) мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ишин Жогорку сот карап, мурунку чечимдерди жокко чыгарып, кайра башынан кароого жиберди. Соттун мындай күтүлбөгөн чечими кыргыз саясатында чоң талкуу жаратты. Атамбаевдин эч кандай кылмыш ишине катыштыгы жок, ал сүттөн ак, саясий туткун болду дегенге жылпы жумурай журт ишенеби? Кыргыз жигиттеринин кулагын кескилеген, Жогорку Кеңештин депутаты, комитеттин жетекчиси Тынычбек Акматбаевди, депутаттын жардамчысын, түрмөнүн башчысын өлтүргөн кылмышкер соттун чечими менен түрмөдөн чыгып, аэропорттон кызыл килем менен узатылганына Атамбаевдин кыпындай дагы тийешеси жок деген акыйкаттуулукпу? Батукаевдин иши боюнча Атамбаевди ак деп айтууга негиз барбы? Бул сөзгө эл ишенеби? Ушул сыяктуу так жообу жок суроолор мындан кийин күчөй бермекчи.

“Мыйзамдагы ууру” деген даражасы бар, коркунучтуу кылмышкер аталып, абакта жаткан Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурун бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен окуя болгондон кийин калк арасында, парламентте “Батукаевдин бошотулушу боюнча президент Атамбаевдин макулдугу болмоюн, анын көзөмөлү жок бир дагы чиновник кримтөбөлгө бир күндүн ичинде паспортунан бери даяр кылып беришмек эмес. Үч күндүн ичинде өлүп калат деген диагноз коюшуп, кылмышкерге боор ооруган боорукер жетекчиге айланышы күмөн болчу, кримтөбөлдүн коопсуздугу кыргыздын айкөл “кызыл шапкечендеринин” көзөмөлүндө болуп, Нарындан чыккан “Ардактуу атуул” Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортуна чейин кайтаруу менен жетип, ал жерден кыргыз чиновниктери аны кызыл килемдин үстүнөн бастырып, атайын келип күтүп жаткан самолётко чейин колдорун көкүрөккө алып, жүгүнүп узатышмак беле?” деген шек саноолор ошондо эле айтылган. Саясатчылар дагы бул кылмыш ишинин башында Алмазбек Атамбаев турган деп ишенимдүү айткан. Азыр Өкмөттүн аппарат башчысы болуп турган Бакыт Аманбаев “Азиз Батукаевдин маселеси, Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында мурда таптакыр болуп көрбөгөндөй, эң жогорку, бири-бирине баш ийбеген мамлекеттик кызматтын жетекчилери биригип алышып, жалган документтерди жасашып, кыргыз элинин душманы болгон кылмышкер Батукаевди кызыл килем менен өлкөдөн чыгарып жиберишти. Бул кылмыштуу ишке ондон ашуун мамлекеттик эң жогорку кызматтын жетекчилери катышкан. Логикалык жактан алганда, ушундай мамлекеттик органдардын жетекчилеринин башын бириктирип, алардын аракеттерин координациялап бир багытка буруп, иштетүүгө бир гана адамдын - ошол кездеги президенттин гана ыйгарым укугу жетиши мүмкүн. Башка бир дагы бийлик өкүлүнүн колунан келмек эмес.

Президенттин катыштыгы жок эч ким Батукаевди өлкөдөн чыгарууга батынмак эмес. Президент Атамбаев “жок, болбойт” деп айтканда же ошол кездеги баш прокурор Салянова бул ишти “мыйзамдуу” деп айтпаганда, Батукаев тууралуу кылмыштуу иш эч качан аткарылмак эмес. Себеби, алардын айткандарын аткарган адамдардын башы экөө эмес да. Эгерде Башкы прокурор Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаруу мыйзамсыз деп айтканда, анын айтканына бир дагы прокурор каршы сөз айта алмак эмес. Ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы каршы болуп, “Токтоткула!” дегенде ким батынып Батукаевди түрмөдөн алып чыгып кете алмак? Демек, бул иштин башында президент Алмаз Атамбаевге түз баш ийген Улуттук коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратура турган. Бул, эки кызматка каршы ким пикирин айталмак? Эч ким айта алмак эмес.” деп айткан.

Мындай пикирлерди саясатчылардын дээрлик баары эле айтып чыгышкан. Эгер Атамбаев “Батукаевдин ишинде” чындап эле сүттөн ак болсо, анда эмне үчүн өзү президент кезинде Орусиянын президенти В. Путинге кайра-кайра “Батукаев бизди алдып чыгып кетиптир, кайра кайтарууга жардам бериңиз?” деп кат жазат? Батукаев мыйзамдуу бошогон болсо Путинге кат жазуунун зарылчылыгы бар беле?

Сырдуу түйүндүн сырын ачкан түрмөдөн жазылган кат

11 жылга соттолгон Алмазбек Атамбаев абакта жатып, тагыраагы ушул жылдын 28-август күнү “Батукаевдин иши” боюнча алакандай кат жазып, анда кылмыш ишке өзү аралашканын элден жашыра алган эмес. Ал Батукаевди бошотуу операциясын алдын ала билгенин, тапшырманы өзү атайын кызматтын төрагасына бергенин мойнуна алганын мындай деп жазат:

“... 2011-жылдан тартып мен Президент катары кылмышкер Жаныш Бакиевди өлкөбүзгө алып келүү боюнча бардык чараларды көрүп жаттым. Билесиздер, Жаныш Бакиевдин кылмыштуу буйруктарынын жана иш-аракеттеринин натыйжасында 2010-жылдын 7-апрелинде 80ден ашык күнөөсүз жаран өлүп, миңге жакын адам жараат алган. Ал кандуу күндөн кийин 10 жылдын ичинде ошол жараат алган жарандардын да 80ге жакыны кайтыш болду. “Батукаевдин ишинин” маңызы төмөндөгүдөй, 2012-жылы пландалган УКМКнын операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келинмек. Операцияны башкарууну мен анын демилгечисине, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок ал материалдарда жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө менин тарабымдан жасалган коррупциялык же башка кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө бир да факты жок. Болушу да мүмкүн эмес...”

Атамбаев өз катында айткандай, кыңыр иш кырк жылда билинет. Чындык жеңет! Шибегени капка ката албайсың! “Батукаевдин иши” боюнча кыңыр иш кырк жылга жетпей билинип, чыныгы күнөөлүү Атамбаев өзү экенин, операцияны аткаруу үчүн буйрукту өзү бергенин абакта жатып мойнуна алып жатат.

“Батукаев иши” боюнча эч нерсе билген эмесмин, бул ишке эч кандай тийешем жок...” деп карганып келген Алмазбек Атамбаев, абактан жазган алакандай катында “Операцияны башкарууну мен анын демилгечиси, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам” деп ишти жеке өзү көзөмөлдөп, дирижёр болгонун, мыйзам бузганын өз мойнуна алып жатпайбы. Атамбаев өз күнөөсүн өзү оркойтуп көрсөтүп жатса да, кыргыздын гумандуу соттору ишти “сындырып”, кайра кароого жөнөткөнүндө саясий боёк жок деп айтууга тил барабы? Ал эми Атамбаевдин “Батукаевдин ишинде мен тараптан кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө бир да факты жок” дегени, ал кишиде адамдык абийир жоктугунун далили. Эки жүздүүлүктүн жеткен чеги.

Атамбаевдин “Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштыруу операциясы жүрмөк” деген дагы логикага да, бир дагы мыйзамга да сыйбайт. Коркунучтуу кылмышкер, “Мыйзамдагы ууру” Батукаевди кыргыз соту тарабынан сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевге алмаштырууга Атамбаевге кайсыл мыйзам жол берген? Же Атамбаев каалаганын жасай берсе болот, анын жасаган иштеринин баары мыйзамдуу деген норма кыргыз мыйзамдарында бар беле? 2010-жылдан бери Россия Федерациясынын аймагында эмес, Белоруссияда жашап келген Жаныш Бакиевди кайта Кыргызстанга алып келүү максаты болсо, аны эмнеге Батукаев менен алмашыш керек болчу? Орусиянын жарандыгын албаган адам үчүн кылмышкерди Орусияга узатуу логикага сыябы? Эгер Жаныш Бакиевди Белоруссиядан уурдоо операциясы башталып, ал кан төгүү менен коштолуп, эл аралык чырга айланганда Атамбаев кимди күнөөлүү кылып көрсөтмөк? Атамбаев 7 жылдык башкаруусунда оозунан Бакиевдерди түшүрбөй айтып келди. Операцияны дагы ушундай атасак, эл ишенет деген гана максат болсо керек, кайран кишиде.

Атамбаевдин “Батукаевди Бакиевге алмаштырмай болгонбуз” деген версиясына караганда коомдук ишмер Расул Умбеталиевдин “Атамбаев Батукаевди Түркияда чечендер тарабынан барымтага алынган баласына алмаштырган” деген версиясы адамды ынандырат. Бул тууралуу коомдук ишмер мындай дейт:

“2013-жылы январда криминалдык топтордун келишпестигинен “Дед Хасан” деп таанылган Аслан Усоян өлтүрүлөт. “Дед Хасан” Россиядагы күчтүү делген криминалдык топтордун биринин жетекчиси болгон. Чечен криминалдык топторунун жетекчилери “сходка” өткөрүп, “Дед Хасандын” ордуна өзүбүздүн адамыбызды коюшубуз керек дешип, Азиз Батукаевди кандай жол болсо да чыгарып кетебиз деген максат коюшкан...

2013-жылдын башында чечен криминалдык топтору Атамбаевдин Түркиядагы баласын барымтага алат. Атамбаевдин Түркияда чоң бизнеси болгонун баары эле жакшы билишет. Ошол бизнесин башкарып жүргөн баласын камап коюшуп, “Балаң бизде, сага бала тирүү керекпи? Бизге Батукаевди тирүү чыгарып бересиң!” деген шарт койгон болуш керек. Кылмышкер түрмөдөн чыккандан кийин, аны эч ким кайтарууга албайт да. Батукаевди аэропортко чейин эч кимди жолотпой кайтарып барып жатышпайбы. Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак. Батукаевден өч алууну каалаган бизде дагы криминалдык топтор бар. Аларды тийгизбей аэропорттон узатышкан. Самолёт аэропортто 3 күн турган. Ушул версия чындыкка жакын болууда. Мамлекет башчысы команда бербегенде, сөзсүз бир жерден жаңылышмак. Бул жерде мамлекеттик органдардын баары сааттай иштешкен.”

Чыныгы күнөөкөр Атамбаев экенин тастыктаган Салянованын көрсөтмөсү

Батукаев мыйзамсыз бошотулган кезде башкы прокурор Аида Салянова парламентте “Батукаевдин бошотулушунда бир дагы мыйзам бузулган эмес” деген пикирди карманып, коомчулукта “Батукаевдин адвокаты” деген атка конгон. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин бул иш кайра жанданып, күнөөлүүлөр четинен камалып баштаганда айрымдары тергөө менен кызматташууга макул болуп, чыныгы күнөөкөр ким экенин ачыкка чыгарышкан. Аида Салянова дагы мурунку башкы прокурор Ө.А. Жамшитовго, ИИМдин Тергөө кызматына берген Өтүнүчүндө, тергөө менен кызматташууга макул болуп, Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, операцияны Атамбаев өзү жетектегенин ачык айткан:

“Кызматташуу жөнүндө түзүлгөн макулдашуунун маңызы боюнча, мен төмөнкүлөрдү көрсөтө аламын, так датасы эсимде жок, болжолдуу алганда, 2013-жылдын апрель-май айларында, парламентте А.Батукаевди бошотуу жөнүндө суроо талкуулангандан кийин, мен кандайдыр бир суроолор боюнча А. Ш. Атамбаевге кирдим, бул жолугушуунун бир учурунда А .Батукаевдин бошотулушуна байланышкан кырдаал жөнүндө сөз болуп калды.

Мен эгерде жетишерлик негиздеме табылса кылмыш иши козголот десем, Атамбаев А.Ш. абдан ачууланды, мен буга чейин аны мындай абалда көргөн эмесмин. Ал ачууланып, төмөнкү сөздөрду айтып кыйкыра баштады “Эмне прокуратуранын мындан башка иши жокпу?! Криминалдык кырдаал ушуну талап кылгандыктан, аны бошотушка туура келди, дегеле А. Батукаев өз жаза мөөнөтүнүн жарымынан көбүн өтөдү, жеке мен өзүм аны бошотуу тууралуу мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырма бердим!”. Андан кийин ал бир аз тынч алып, эмне кылсаң да өзүң бил, БИР ГАНА КИЙИН өкүнүп калба деди, андан кийин мен чыгып кеттим. Мен бул кезде А.Батукаев мыйзамдуу бошотулганына ишенгендиктен, анын опузалоосун мыйзамсыз кылмыш ишин козгоо боюнча жоопкерчилик катары кабыл алдым. Арийне, кийинки окуялар көрсөткөндөй, бул опузалоо өтө алыскы мезгилди көздөгөн экен...”

Ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова бул көрсөтмөсүндө мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевди бошотуу боюнча мамлекеттик органдарга жеке өзү тапшырма бергенин далилдеп жатат. Мындан кийин Атамбаевде Батукаевдин иши боюнча эч кандай күнөөм жок деп актанга укугу барбы? Жогор сот кандай негиз менен мурунку чечимдерди жокко чыгарды? Иш алдыда боло турчу саясий өнөктүккө байланыштуу эмес деп ким кесе айта алат?

Батукаевдин бошотулушунда сыйлык катары таратылган долларлар кимдики?

Атамбаев Батукаевдин бошотулушунда “Мен тараптан коррупциялык иш-аракеттер жөнүндө бир дагы факты жок” деп безеленет. Бирок, иштин баары Атамбаев тараптан чечилип турганы, ишке катышкандарга материалдык жана башка сыйлыктар берилгени Батукаевдин иши боюнча шектүүлөр Марат Бекенов менен Шамиль Атахановду тергөө учурунда көзмө-көз беттештергинде ачык болгон. Марат Бекенов ошол беттештирүүдө доллар менен берилген акчалай сыйлык тууралуу:

“Июлдун аяк ченинде, жана августтун башында, так датасы эсимде жок, Атаханов мени чакырып алып, мага акчалай сыйлык берүү маселеси чечилгенин айтып, мен адвокат Касымов менен жолугуп, андан акчаны алышым керектигин айткан, канча суммада экенин айткан эмес. Мен мындай акчаны алууга болбойт, бул жеке адамдардын акчасы дегенмин, дагы бир-эки күн өткөндөн кийин Атаханов мени кайрадан өзүнө чакырып алып, бул акчаны алуу керектигин, кийин мамлекет ал акчаны калыбына келтирерин айтып, мага “Бул акчаны менден алып жатам деп эсептеңиз” деген. Ошондо биринчи жолу Атаханов эгерде атайын операция ишке ашпай калса, бул үчүн мен жооп береримди айткан. Ошондон кийин мен адвокат Касымов менен телефондон макулдашып, жолуктум, анын кабинетинде кармоочу туткасы бар пакеттеги акчаны алдым, мен пачкалар боюнча эсептегенмин, 100 долларлык купюралардан 15 пачка болчу, 150 миң АКШ доллары. Бул акчаны алып, мен аларды кабинеттеги сейфке катканмын жана Атахановго телефондон билдиргенмин. Кийин өзүнө кирип, дагы бир жолу билдиргенмин” деп айтат. Мына, Атамбаевдин чыныгы жүзү. Коррупциялык элементтердин фактысы! Атамбаев айткандай “Батукаевдин ишинде” акча ойнобосо, сыйлык катары берилген долларды ким төлөп турган? Бул акчалар кайдан келген? 150 миң доллар акча бир эле адамга берилген сыйлык болуп жатпайбы. Операцияга аралашкандардын ар бирине ушундай суммадагы сыйлык таратылган болсо, эл арасында айтылган “Батукаевди бошотуу үчүн 10 млн доллар акча келген” деген сөз чындыкка жакындап жатпайбы.

Атамбаевдин чыныгы жүзүн, операция башчысы болгонун Бекеновдун көрсөтмөсүндөгү эң акыркы сөзү даана ачыктайт. Ал эң акыркы сөзүндө: “Кошумчалап кетким келет, мен Атахановдон мындай көрсөтмө кимден экенин сурасам, Атаханов мага биринчинин көрсөтмөсү- Атамбаевдики деген” дейт. Бектеновдун ушул көрсөтмөсүнөн кийин Батукаевди ири суммада бошотушкан, жеке Атамбаевдин көрсөтмөсү менен деп айтканга толук негиз бар.

Атамбаевдин ишинин “сынышы” саясий соодалашуубу?

5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин бийликке келген Садыр Жапаровго Алмазбек Атамбаев кичүү уулу Кадыр Атамбаев видео кайрылуу жасап:

“Урматтуу Садыр Нуркожоевич, эгер Атамбаев начар киши болсо, Кой-Таштагы элдик штаб мыйзамсыз түзүлгөн болсо, анда эмне үчүн досуңуз Камчыбек Ташиев жашыруун келип, колдоо көрсөтүү ниетин билдирген? Эгер Атамбаев начар киши болсо, Кой-Таштагы элдик штаб мыйзамсыз түзүлгөн болсо, анда эмне үчүн анда сиз эмне үчүн Атамбаев менен кайра-кайра байланышууга аракет жасагансыз? Эгер Атамбаев начар киши болсо, Кой-Таштагы элдик штаб мыйзамсыз түзүлгөн болсо, анда эмне үчүн бир тууган агаңыз Сабыр Нуркожоевич кабылдамага жазылып, Алмазбек Атамбаев менен жолуккан?.. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, биз сиз менен 14-октябрда Өкмөт үйүндө жолукканда келишим түзгөнбүз. Сиз ошондо бизге 2 маселе боюнча кайрылгансыз. Биз келишимдеги өзүбүздүн милдетти аткардык. Эми сиз ошондо айткан “эркекче” деген сөзүңүздү аткарууну күтүп жатабыз...”деп кайрылган.

Садыр Жапаров Атамбаевдин балдары менен жолукканда кандай келишимге келгенин, кайсыл 2 маселе боюнча кайрылганын, “эркекче” деп эмне тууралуу сөз бергенин коомчулукка ачык айтпаса, Атамбаевдин эркиндикке чыгышынын артында Жапаров өзү турат деген сөз уламыш катары айтылып кала берет. Кетпес кара так катары жабышат.

Садыр Жапаровдун алдыдагы президенттик шайлоодо Чүй облусу боюнча координатору болуп ишти жүргүзүп жаткан Мелис Аспеков Алмазбек Атамбаевдин баласы Сейтек Атамбаев менен жолугуп, кенен-кесир сүйлөшкөнүн Фейсбук баракчасы аркылуу жарыя кылды. Атамбаевдин номур биринчи фанаты Темирлан Султанбеков Бишкек шаарын вице-мэри болгон. Жамалбек Ырсалиевдин кеңешчиси болгонун вице-мэр өзү жарыялады. Бул жөн гана дал келүүбү же соодалашуу жүргөнүнүн далилиби? Мындан сырткары, Чүй өрөөнү ар дайым мамлекеттик кызмат иерархиясында биринчиликти же экинчиликти кармап келген. Бишкек мэрилиги да алардын колунан чыккан эмес. ИИМ баш болгон күч структуралары да көбүнчө алардын колунда болуп келген. Садыр Жапаров бул көнүмүштү бузду. Чүй учурда биринчи да, экинчи да эмес, ал эмес Бишкек шаарын да алдырып койду. Ошондуктан чүйлүктөр нааразы деген күбүр-шыбыр кеп жүрөт. Жапаров АШАны бошотуу менен мына ошол нааразылыкты кайсы бир деңгээлде жубатып, президенттик шайлоодо Чүйдөн добуш алууну көздөп жаткандай деген кептер бекер жерден чыкпаса керек.

Элдин ишеними Садыр Жапаровго ооп турганын эч ким жокко чыгара албайт. Эл акыркы үмүт катары Жапаровду колдоого алууда. Мамлекетти коррупционерлердин колунан жулуп чыгып, акыйкат башкарууну орнотот деген ишеним, акыркы үмүт болууда. Эгер Садыр Жапаров эл берген ушундай ишенимди колдон чыгарып, мамлекетти сазга батырган Атамбаев менен чогуу аракеттенүүгө бел байласа, элдин акыркы үмүтүн үзөт.

Көз каранды, эки жүздүү кыргыз сотторунун чечими менен Атамбаев акталган күндө дагы, элдик сот бар. Элдик толкундоолордун шарапаты менен түрмөдөн чыккан Атамбаев бийлик талашып, Ала-Тоо аянтына командасын баштап келгенде, элден таяк жеп, аянттан качканга аргасыз болду. Ошондогу элдик сот Атамбаевдин ким экенине акыркы чекит коюп, элге батпай калган “кылмышкер” экендигин дагы бир жолу тастыктады.

Наралы Асанбаев, журналист

Булак: NazarNews. kg

Последние новости