www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алыскы Швецияда отуруп алып акылдуусунгандан ырахат алган Сыргак Абдылдаев социалдык тармактарда бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды таштап, мындай “бомбасын” тирөө үчүн ар кандай ушак-айыңдарды таркатууда.

Ал фейсбук аркылуу экс-президент А.Атамбаевге кайрылуу кат жазып, анда Жээнбековду бийликке алып келип чоң катачылык кетиргенин, эми анысын өзү гана оңдой алаарын эскерткен. Өз катасын оңдоо үчүн Атамбаев Жээнбековго каршы ачык күрөшкө чыгышы зарыл экенин белгилеп, “жеңиш үчүн эгер менин каным керек болсо, мен ага даярмын” деп опурулган. “Кантип күрөшүү керек?” деген суроого “эки аңкоону оодардык. Атамбаев революциялар боюнча адис. Кантип жасоону ага үйрөтүүнүн кажети барбы?” деп көп маанилүү жооп берген.

Ушак таркатуу боюнча жедеп адистешип көнгөн Сыргак манипуляциялоонун эң арзан, примитивдүү жолу – ушак токуп чыгарууну күчөтүүдө. Албетте, бийликти күч менен басып алуу боюнча өзүнүн саясий экстремисттик аракеттерин ар тараптан бекемдөө үчүн жасаган далалаты болсо керек.

Кечээ бир постунда “Кантта конторачылар адамдарын көбөйтүп жатат. Сооронбай жүз пайыз алыс кете албайт” деп жазган. Белгилеп коёр жагдай, Кантта Орусиянын авиабазасы жайгашкан, ал жерде орустардын атайын кызматынын да жашыруун конторасы бар экени маалым. Демек, С.Абдылдаев ошолорду эске салып, орус атайын кызматтары С.Жээнбековдун бийлигин оодарып түшүүгө даярданып жатат дегенди кыйыткандай.

Андан мурдараак “Мына ушул күтүлүп жаткан болчу. Атамбаевди буюртма өлтүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө ушак кетти!” деп жазган.

Бирок, бул экстремисттин бейнесине акыл-эси ордунда адам мыйыгынан жылмайбай койбойт. Өзү Европадагы жылуу-жумшак орунда, бардар жашоодо отуруп алып, бул жактагы алабарман-аңкоолордун колу менен бок кармоо анын Кыргызстан жана кыргызстандыктар үчүн кымындай да жакшылык каалабай турганын көрсөтөт. Эр болсо Кыргызстанга келип, мамлекеттин жыргал-кууралын чогуу тартып, элдин ачуу-таттуу турмушуна тең ортоктош болуп, анан эл арасында туруп ач айкырыкты салып турса бир жөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости