www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер корреспондент-мүчөлүгүнө бош орундарга жарыяланган жарыяга ылайык шайлоо өткөнү турат. Шайлоодо ат салышам дегендердин арасында ак эмгеги менен, өз күчү менен өсүп келе жаткан, эмгектери чет өлкөгө чейин белгилүү чыныгы илимпоздор бар экени талашсыз, бирок, алардын арасында протекция менен илимий даража алган коррупционер, академик Кубанычбек Жумалиевге окшогон шылуундар да жок эмес.

Шайлоо болот дегенден бери эпигончулук менен чүргөлгөн диссертациясы менен эптеп илим доктору болуп алган илимдеги карьеристтер өзүнө эмес, коштоочусуна ишенген ар кимдин колуна суу куюп, «колдоп коюңуз», «добушуңузду мага бериңиз» деп академиктерге ортого киши салып, корреспондент мүчөлөрдүн үйүн сагалап, белек-бечкегин көтөрүнүп алып чуркап жүргөндөр бар экен.

Мисалы, «Текст» деген тема боюнча эпигончулук менен диссертация жазган Турусбек Маразыковду кайнагасы Сыртбай Мусаев аттап-тоңдоп, сүрөп келе жатканын айтышат. Көрсө, көлдүктөрдүн «отдел кадры» болуп жаткан Сыртбай Мусаев Турусбек Маразыковдун тоңдук аялынын айылдаш агасы экен. Ушинтип трайбализм, туугандык менен өсүп, наам-даражаларга ээ болуп келе жаткан Турусбек Маразыковго окшогон илимге кошкон тырмактай салымы жок, окумуштуулар чөйрөсүндө барксыз, колго ала турган оригиналдуу бир эмгеги жок чабал илимпоздун корреспондент-мүчө болушу улуттук илимдер академиясына залакасын тийгизип, жаман сөзгө калтыргандан башка аброй алып келбейт деп айтышууда. Себеби, анын күмөндүү илимий репутациясы тууралуу ушундай коомдук пикир капкачан эле түзүлүп калган.

Эгер улуттук илимдер академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн эксперттик комиссиясынын ар намысы, абийири болсо, кыргыздын илимине чындап күйсө, сатылбай, эмгегине жараша калыс баалап, реалдуу карап, корреспондент-мүчөлүккө талапкерлердин татыктууларын тандай алышса, принцип менен мамиле кылышса, кыргыз тил илиминде өздөрүнө таандык орду бар, конкреттүү салымын кошкон, илимге өмүрүн арнап, тагдыр күткөн чыныгы окумуштуулар Б.Усубалиев, И.Абдувалиев, Т.Садыковдорго артыкчылык берилиши зарыл...

ОшМУга өзү барбай диссертациясын берип жиберип, ЖАК тарабынан бекитилген диссертация коргоо боюнча процедураны бузуп, мыйзамсыз талкуудан өтүп, жердештеринин сүйөп-тайоосу менен эптеп доктор болгон Турусбек Маразыков кечээ эле жогорудагы профессорлордун колуна суу куюп, чачпагын көтөрүп жүрүп, эми төө кыядан өткөндөн кийин мансапка көз кызартып, корреспондент-мүчөлүккө орун талашып, буту-бутуна тийбей жулунуп чуркап жүргөнүн көргөн кесиптештери «ээси теңдикке көнсө да, ууру теңдикке көнбөйт» деген ушул турбайбы деп айтышууда.

Булак: Азия News гезити

Последние новости