www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, «Мен көчмөнмүн» деп аталган кезектеги Ысык-Көл эл аралык «ITF-2021» туристтик көргөзмө-жарманкесинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Куттуктоо сөзүндө мамлекет башчысы Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси 2016-жылдан бери эл аралык деңгээлде өткөрүлүп келе жаткандыгын эске салды.

Ал аталган иш-чарага катышуучулардын жана кызыккандардын саны жыл сайын өсүп жатканын - учурда коңшу өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин көпчүлүк өкүлдөрү бул аянтча тууралуу көбүрөөк биле баштаганын жана алар ушул иш-чаранын алкагында өз продукцияларынын бет ачарын өткөрүп келе жатканын канааттануу менен белгиледи.

«Бул туристтик жарманке Кыргызстан, Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдүн туристтик бизнес өкүлдөрүнүн тыгыз кызматташуусуна мүмкүнчүлүк түзө турчу жакшы аянтча боло тургандыгына терең ишенем. Мамлекеттин өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири өлкөнүн туристтик индустриясы болушу керек экендигин да баса белгилейм. Ата мекендик туристтик индустриябыз эл аралык тейлөө стандарттарына шайкеш келген шарттарды түзүп, дүйнөлүк аренада Кыргызстандын беделин жакшыртууга түрткү берүүсү зарыл. Ошону менен бирге, өлкөбүздүн жаратылышына аяр мамиле жасап, тарыхый-маданий баалуулуктарыбыздын нукуралыгын эстен чыгарбашыбыз керек.

Мамлекеттин негизги максаты – туристтик индустриядагы ишканалардын жана уюмдардын иш алып баруусуна жагымдуу шарттарды түзүү. Аталган тармакта ишмердүүлүктү өнүктүрүүнү камсыз кыла турган заманбап мыйзамдарды жана ченемдик укуктук базаларды түзүп чыгуу, кооз жаратылышка бай болгон өлкөбүздү туристтер үчүн жагымдуу өлкөгө айландыруу болуп саналат», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент туруктуу туризмди өнүктүрүүдө мезгилдин жаңы шарттарына ылайык, мамлекет тараптан өзгөчө көңүл бурулуп, социалдык-маданий, экологиялык жана экономикалык маселелердин чечилиши республикабыздын туризм жаатындагы жүргүзгөн саясатынын негизги фактору болушу керек экендигине токтолду.

«Маселен, биринчиден, маданий баалуулуктардын, улуттун өзгөчөлүгүнүн сакталышы, дүйнө элдеринин бири-бири менен жакындашуусунун өзөгү болуп эсептелет. Экинчиден, жергиликтүү калкты туруктуу иш менен камсыздандыруу, элдин жакырчылыгын жоюу менен бирге экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек.

Туризмдин өнүгүүсү көпчүлүк учурда өлкөдөгү саясий туруктуулукка жана мамлекет тарабынан колдоого алынышына байланыштуу болот. 2020-жылдагы пандемия өлкөбүздүн туризм тармагынын өнүгүүсүнө залакасын тийгизди. Чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны кескин түрдө азайды. Азыркы күндө бул жаатта иш алып барган мамлекеттик органдар жана туристтик бизнестин өкүлдөрүнүн иш-аракеттери менен Кыргызстанга келип жаткан туристтердин саны кайрадан көбөйгөнү байкалып жатат.

Чет өлкөлүк туристтердин келишинин негизги себептери – Кыргыз Республикасынын экологиялык жагымдуулугу, тоолуу ландшафттагы өзгөчө кооз жаратылышы, табигый-климатынын ар түрдүүлүгү, Улуу Жибек жолу менен болгон тарыхый байланышы, көчмөндөрдүн салт-санаасы, маданий байлыгы жана кыргыз элинин меймандостугу болуп саналат», - деп айтты Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы экономиканын реалдуу сектору катары туризмди жигердүү өнүктүрүү үчүн эл аралык туристтик рынокто кыргызстандык туристтик продукттарды таанытууга багытталган иш-чараларды тез-тез өткөрүп туруу зарылдыгын кошумчалады.

«Бүгүнкү жарманкеде Кыргыз Республикасынын туризминин бир нече түрлөрү: экологиялык, ден-соолукту чыңдоо, маданий-билим алуу, айыл-чарба туризми, жайлоо туризми, экстремалдык-окуялык туризм сындуу туризм тармагынын түрлөрү сунушталат. Туризмди өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан мындан ары дагы бардык күч-аракеттер жумшала тургандыгын баса белгилеп өткүм келет», - деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунан башталган «ITF-2021» эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн башкы максаты Кыргызстанды экологиялык жана этно туризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү болуп саналат.

Көргөзмөнүн программасы үч бөлүктөн турат, алар ар башка убактарда үч жерде өткөрүлөт - «Issyk-Kul» көргөзмө-жарманкеси, «Кыргызстан - туризмдин өлкөсү» туристтик форуму, Кыргызстандын туристтик рыногунан жана өнөктөштөрдөн мыкты катышуучуларды сыйлоо иш-чаралары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости