www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Жаңы имараттын капсула салуу аземине КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев жана мекеминин кызматкерлери катышты. Бул тууралуу маалыматты Жумамидин Сулайманкулов билдирди.
Кыргыз Республикасынын Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирүү жараянында техникалык жардам менен камсыз кылуу боюнча РФ жана КР Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында Ош лабораториясын куруу үчүн 240 миң АКШ доллары каралган.

Андан сырткары карантин жана лаборатория адистерин окутуу үчүн 105 миң АКШ доллары бөлүнүп берилген. 50 миң АКШ долларына болсо "Көчмө лабораториясы" базасында эки унаа сатып алынган. 
Лабораториянын негизги максаты айыл-чарба өсүмдүктөрүн заманбап технологиянын негизинде эл аралык талаптарга ылайык лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөрүп, фитосанитардык абалын аныктайт. Ата-мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатын көздөйт.

Жаңы имараттын капсула салуу аземине КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев жана мекеминин кызматкерлери катышты. 

Кыргыз Республикасынын Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирүү жараянында техникалык жардам менен камсыз кылуу боюнча РФ жана КР Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында Ош лабораториясын куруу үчүн 240 миң АКШ доллары каралган.

Андан сырткары карантин жана лаборатория адистерин окутуу үчүн 105 миң АКШ доллары бүлөнүп берилген. 50 миң АКШ долларына болсо "Көчмө лабораториясы" базасында эки унаа сатып алынган. 
Лабораториянын негизги максаты айыл чарба өсүмдүктөрүн заманбап технологиянын негизинде эл аралык талаптарга ылайык лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөрүп, фитосанитардык абалын аныктайт. Ата-мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатын көздөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости