www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таалай Сарыбашевдин артыкчылыктары

Таалай Сарыбашев жөнүндө чындык Ош шаарынын мэрлик кызматына көрсөтүлгөн Таалай Сарыбашев тууралуу соңку күндөрү интернет айдыңында талкуу кызыды.

Албетте, элдик ишмерлер тууралуу такай эки ача пикир айтылып, жооптуу кызматка келаткан кишиге сындар жаашы кадыресе көрүнүш деңизчи. Бирок Сарыбашевдин жасаган иши тууралуу эмес, же анын кызматына байланышы жок, карапайым элге такыр тиешесиз жүйөөлөр менен каралоого кабылганы таңкалтырат.

Болгондо да муну олуттуу өлкөдө орду бар  эле кесиптештер жазып баштаганы ого бетер таңкылтырды. Сарыбашевди каралаган адамдар аны базардан келген дешет экен.

Кыргызстан эгемен алгандан бери кимдер гана базарда иштебеди? Ата-энелерибиз, тууган-туушкандарыбыз, Казакстан, Россиялап иштеп кетип, чаар-ала баштык көтөрүп, азырга чейин бала-бакырасын багып келатпайбы!

Мамлекеттин казынасына кол салып, элин тоноп байыгандарга караганда, таман акы, маңдай тери менен бутуна турган уулдарыбызга тескерисинче алкыш айтышыбыз керек го дейм. Же эмне мурда базарда иштеген кыргыз жарандары өмүр бою мамлекеттик кызматта иштебей, жетекчилик кызматка жолобошу керекпи?

Азыр Кыргызстанды дал ошол базарда иштеген миллион мигрант багып жатканыбы жалганбы? Азыркы көп жетекчилерибиз балким дал ошол базар түйшүгүн, эл түйшүгүн жон териси менен сезбеген үчүн ушул акыбалга келип отургандырбыз.

Карапайым адамдардын арасынан чыгып, жетекчилик кызматка бараткан адам өзү да карапайым болуп, элге жакын болоорунан шек жок. Же мурдагы мэрлер Мырзакматов, Кадырбаевдер базарда иштебей, асмандан түштү беле? Катыра сын айтаардан мурун, ушундай жөнөкөй суроолорго бир жооп издеп көрсөк жакшы болмок.

Алсак, Сарыбашев жетекчи болуп иштеп кеткен Алай районунунда кызмат кылып турганда жупуну жетекчи болуп, эл менен тыгыз иштешкенин баарын билет. Тилекке каршы, Сарыбашевдин диплому боюнча да түрдүү ушактар тарап, бирок бирөөсү да далилденбей, тынчып калышты.

Ал Жогорку окуу жайды сырттан окуганын, бир эмес эки диплому бар экенин ачык айтты, органдар да анын диплому тууралуу баары жайында экенин тастыктады. Бирок кыргыз эли дипломдуу, илимдүү башкаруучулардын да заманын көрдү.

Азыркы учур талабы өз ишинин дыйканы, жупуну жана чарбачыл кишилердин жетекчилик кызматка келиши. Сарбашевдин эң чоң артыкчылыгы ал куру сөздөн жана пиардан алыс. Ишинен дайын жок эле, элге эмес, камерага гана иштеген жетекчилерди да көрүп жүрөбүз. Алардын фонунда Сарыбашевдин табияты такыр башкача, аз сүйлөп, көп иштөө.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзү да ошондой инсан эмеспи, балким, Сарбашевдин ошол сапатын жогору баалаганы үчүн жооптуу кызматтарга ишеним көрсөтүп жаткандыр.

Таалай мырзанын ишинде кемчилик болсо, көзгө сайып көрсөтүп, сындап турушубуз керек, бирок мэрлик кызматка али кирише элек кишини негизсиз каралоо бир аз одоно көрүнөт экен. Анын үстүнө элибиз пиарщик жетекчилерден тажап, иш билги, жупуну жана көздүү жетекчилерге суусап турганда, Сарыбашевдин мэрлик орунга келатканы, туура чечим болгондой. А кызматын көрө жатаарбыз.

Айтмат уулу Алтынбек, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости