www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда «Ата Журт Кыргызстан» партиясы башкалардан алдыга озуп баратат. Мындай шартта мыйзамдуулук, тазалык тыкыр сакталышы керек. Дегенибиз, бул партиядагы №5 талапкер Таалайбек Сарыбашовдун кош жарандуулугу ачыкталып, талкуу жаратканы, ошол эле кезде жасалма диплому аркылуу жогорку кызматтарга көтөрүлгөнү чыр-чатакка себепчи катары чыкканычы?

Дал ушул эки маселеге өзү тыңгылыктуу жооп бере албай, бийликтин адамы катары түрмөгө камалып кетүүдөн сакталып калган. Факты деген өжөр нерсе. Эртеби-кечпи Сарыбашовдун кош жарандуулугу, жасалма диплому ташка тамга баскандай тастык талса, таза шайлоонун түшүнө кедергисин тийгизип, бийликтин абийирин төгүп салбайбы?

УКМК «Социал демократтардан» Рыскелди Момбековдун, «Бүтүн Кыргызстандан» Кыянбек Сатыбалдиевдин жасалма диломдорун көтөрүп чыгып аткандан кийин, «Ата Журт Кыргызстандан» Таалайбек Сарыбашовдун да кыңыр иштерин ачыктап, камакка алса, мына ошондо кара кылды как жарган калыстыктын үлгүсүн жаратышмак. «Бул дүйнөнүкү тиги дүйнөгө кетпейт» деген кеп бар. Элди, мамлекетти алдап, көз боëмочулук кылуу менен эч ким муратка жетпейт.

Алдамчылык жол аркылуу жогорку кызматтарга көтөрүлүп, өмүрү өткөнчө кошоматтанып жүрө албайт да, туурабы? Эмесе, булактын көзүн ачкандай эле чындыкка жетели да...

Булак: Азия News гезити

Последние новости