www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» ишине байланыштуу күнөөлүү катары табылып, сот жообуна тартылган Исхак Пирматовду кимдер билбейт? Коррупционерлигин расмий мойнуна алып, тергөө менен кызматташып, эркиндикке чыккан Исхак мырза жөн жата албай, кезинде көчөдө жүргөн жеринен «Кыргызнефтегазга» кондуруп, кийин ишкананын жетекчилигине дайындалышына, Апрель окуясынан кийин эки чакырылышта депутат болушуна, убагында чөнтөгүндө сокур тыйыны жок немени бакыйган олигархтардын бирине айланышына себепкер болгон акеси Азизбек Турсунбаевге тымызын каршы иштөөгө өттүбү?

Маселен, социалдык түйүндөр аркылуу Турсунбаевди каралатууга атайын «фейк армияны» жалдап, ал үчүн оңбогондой каражат сарптаганы чынбы? Анысы аз келгенсип, талапкерлердин бирин тымызын каржылап, аны депутат кылууга жан үрөгөнү кандай?

«Балапан» Пирматов канчалык аракет кылбасын, элге эмгеги сиңген, кадыры бар Азизбек Турсунбаевге жасаган карасанатай оюнунан майнап чыкпайт. Болгону бул анын «суу ичкен кудугуна түкүрген», адамгерчилик, жигиттик сыпатынын пастыгын гана ашкерелейт эмеспи.

«Кууланам деп ойлобо, кууратып коёт бу турмуш» макалын Исхак мырза эсинен чыгарбаса дейбиз. Эгерде бузукулук ишин уланта берсе, анда артынан былыгы чубалып, кайрадан «кусуп» калбайбы?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости