www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таалайбек Ибраев: “Көмүр жагынан маселе болбойт”

- Таалайбек Омукеевич, көмүрдүн баасы канчалык туруктуу сакталууда?

- Бизде президенттин тапшырмасы бар, “баасын 4000 сомдон ашырбагыла” деген. Азыр 4 миң сомдон ашырбаганга аракет кылып жатабыз.

- Бирок, Шабыркүл менен Каражыранын көмүрүнүн тоннасы мурдагыдай эле 5500 сом болуп жатпайбы?

- Чет элден импорттолуп келген көмүргө аны алып келгендер өз баасын коюшат. Биздин товар болбогондон кийин биз ага баа коё албайбыз. Эл көмүрдү кымбат сатып албашы үчүн биздин “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы көмүрдү өзү ташып келип, көмүрканаларды ачып, өзүбүз сатып жатабыз. Мына, азыр түндүк өрөөнүн, Бишкек шаарын көрүп атасыңар, 4 миң сомдон ашкан жок. Азыр Көлдө да ошондой, Караколду бүт тегеретип 4 миң сомго түшүрүп жатабыз. Кээ бирөөлөр кызыл кулактык кылып атышпайбы. Бизден сатып алат, үстүнө кошот, анан портерге салып, дагы 1000 сом кошот. Ошентип, 6 миң сомго чыгып кетет. А бизде мобул жерге келгени 3550 сом болот, реализаторлорго 450 сом түшөт, ошону менен 4000 сомдон ашпайт.

- Азыр калк көмүр менен канча пайыз камсыз болду?

- Калк кыш бүткөнчө эле ала берет. Кээ бирөө мүшөктөп алат, кээ бирөө тонналап алат. Ал ар кимдин чөнтөгүнө жараша да. Улам айлык алганда, пенсия алганда сатып ала берет. А биз рынокто көмүрдү туруктуу камсыз кылып, баасын 4000 сомдон ашырбашыбыз керек.

- Көмүрдүн запасы жетиштүүбү?

- Жетиштүү. Бул жагынан эч маселе жок. Азыр Кара-Кечеде 250- 300 миң тонна көмүр бар. Аны ташып келип эле элди камсыздай беребиз. Кудай буюрса, көмүр жагынан көйгөй болбойт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости