www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таалатбек Масадыков ЖККУнун башкы катчысынын орун басары кызматынан бошотулганы маалым болду.

Кызыгы буга дейре, 2025-жылдын ноябрында Бишкек шаарында өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде Масадыковду 2026-жылдан тарта уюмдун башкы катчысы кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алынганы айтылган. Бул анын эл аралык деңгээлдеги саясий салмагын жана ишенимин тастыктаган кадам катары бааланган.

Масадыков негизинен президенттикке татыктуу делген, кыргыз саясатындагы мыкты кадрлардын бири катары айтылып келет. Тар чөйрөдө анын президенттикке талапкерлигин айткандар дагы жок эмес.

Масадыков дүйнөдөгү бирден-бир чыгаан дипломат катары таанымал. Бир нече тилде эркин сүйлөгөн, өтө билимдүү, тажрыйбалуу инсан десек жарашат.

Эске сала кетсек, уюмдун башкы катчысынын орун басары кызматын 2024-жылдан бери аркалап келген Таалатбек Масадыков 2026-жылдын 1-январынан тарта ЖККУнун башкы катчысы болуп дайындалган.

Последние новости