www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен Кыргызстандын президентинин шайлоосуна өз талапкерлигимди койдум.
Өз талапкерлигимди өзүм койдум, бирок “самовыдвиженец” деген сөздү анчалык жактыра бербейм. Бирок Кыргыз Республикасында башка мыйзам жок, ал эми биздеги кайсы бир партиянын атынан чыгууну мүмкүн эмес деп эсептейм, анткени биздин өлкөдө саясий партиялардын институту дагы деле түзүлүп бүтө элек. Муну өзүңөр деле көрүп жатасыздар.
Биринчи кезекте менин ниетимди колдоп, талапкерлигимди коюуга үндөп, Кыргызстанды гүлдөгөн, бийликти адилеттүү жана кесипкөй, мамлекетти акыйкаттуу жана камкор көргүсү келгендерге терең ыраазычылык билдирем. Сиздерге чоң рахмат, кымбаттуу достор жана тарапташтар! Биргеликте бардык кыйынчылыктарды жеңебиз деп ишенем!
Кыргызстандын жаңы тарыхында биз баш-аягы көрүнбөгөн тынымсыз кризиске күбө болуп келе жатабыз. Бул мамлекетти башкаруудагы кризис. Бул абалды өзгөртүү керек – шашпастан жана ишенимдүү.
Бизди узак, бирок туура жол күтүп турат.
Алгач алдыда шайлоонун шааниси жана күрөш. Тилекке каршы, күрөшсүз болбойт.
Андан кийин – шайлоодогу жеңиш. Урматтуу менин тарапташтарым жана жоро-жолдошторум, ар кимиңер өз ордуңуздан бул жалпы жеңишти камсыздоо үчүн бардык аракетти жумшооңузду суранам.
Бирок эң башкысы – бул биздин биргеликте иштеп чыгуучу башкы стратегиялык максатыбыз. Биздин “мамлекеттин кандай болушун каалайбыз?” деген сурообузга болгон коллективдүү жообубуз. Биздин Жол кайда? Кайда бара жатабыз? Бекеринен айтылбаса керек: туура жолдо бара жаткан жөө жүрүүчү жолдон адашкан аргымактан ашат, деп!
Бул максатты, биздин жалгыз туура жолубузду иштеп чыгуу милдетин чиновниктерге жана алардын бийликчил көп сандаган эксперттерине ишенип тапшырууга болбойт. Алардын көптөгөн “стратегиялары” жана “өнүгүү пландарына” өлкө тоюп бүттү. Жөн гана “программаларды” ойлоп таап, өз жарандарынын жана дүйнөлүк коомчулукту алдап-алаксытуу – болбогон ыкма.
Биз башкача кылабыз. Адилеттүү жана акыйкатуу иш жүргүзөбүз. Бирдиктүү максатты издөөнүн эң маанилүү өзөгү - кыргызстандыктардын ынтымагы болушу шарт. Ал эми ынтымак менен максатты жалпы журт кабыл алганда, ошондо гана дыкат планды жана чыныгы өнүгүү программасын иштеп чыгууга киришсе болот. Бул программада баарына орун табылат - чарбакерлерге, медиктерге, мугалимдерге, инженерлерге, ишкерлерге, ар кандай адистерге, саясатчыларга, маданий ишмерлерге, экологдорго. Мамлекетибиздин тагдырына жана анын келечегине кайдыгер карабаган бардык таза жана кесипкөй адамдарга.
Андан соң баарыбыз жеңдерибизди түрө бул жалпы, бирдиктүү планды ишке ашырышыбыз керек. Убакыт тар, дүйнөдө жана аймактагы абал курчуп баратат, бизден бир караганда мүмкүн эмес нерсе талап кылынууда – кыска аралыкта мамлекеттин коопсуздугун камсыздап, тез түрдө өнүгүп кетүүнүн программасын ишке ашыруу. Келечекке тезинен секирик жасоо жана ошол эле маалда эл жөнүндө кам көрүүнү унутпоо. Бул нерсени ишке ашыруу биздин колубуздан келет деп ишенем!
Демек, мен талапкерлигимди койдум жана сиздерди билсин дейм: мен кыргызстандыктарды “оң”, “сол”, “борбордук” жана “оппозициячыл”, партияларга жана фракцияларга бөлбөйм, элди улутуна жана дин тутканына, жынысына жана социалдык абалына карап тандабайм. Менин максатым – Мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө кызыкдар өлкөнүн бардык таза, чынчыл, кесипкөй жарандарын бириктирүү. Мен Кыргыз Республикасынын активдүү жана жаратмандык күчүнө, ар бир жаранынын патриоттуулугуна чын жүрөктөн ишенем.
Билсеңиздер, менин жеке максатым – кыргыз элине аймактагы эң бийик деңгээлде жашоо шартын камсыздоо үчүн таза иштөө, мамлекетибизди Борбордук Азиянын алдыңкы экономикасына айлантуу, анын жүзү болуу. Мындай экономиканын негизинде, менин пикиримде, адилеттүүлүк жана урматтоо турушу керек.
Бизди алдыбызда Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн чоң иштер жана жаңы жеңиштер күтүп турганына ишенем!
Сиздерге болгон терең урматым менен,
Таалатбек Масадыков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости